13
Декабрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Санкт-Петербург шаарынын делегациясы менен экономикалык жана маданий өз-ара аракеттешүү маселесин талкуулады
Бүгүн, 12-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитет төрагасы Евгений Григорьев башчылык кылган Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынын делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун башталышында Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан Советтер союзу мезгилинде Санкт-Петербург менен активдүү кызматташып келген. «Биз активдүү иштөөнү улантуудабыз», — деди Жоомарт Оторбаев жана кызматташуу шаар губернатору Георгий Полтавченконун аракеттерине ылайык активдүү өнүгүп жаткандыгын кошумчалады.
Өкмөт башчы Санкт-Петербург жана Кыргыз Республикасы ортосундагы өз-ара мамиле республиканын Евразия экономикалык бирлигине кирүүсүнөн соң чыңдалышына ишенимин билдирди.
«Биз ЕАЭБ кирээрибиз анык. Буга байланыштуу бажы чекарасы ачылып, федерация субьектилери жана жалпы өлкө менен кызматташууга чоң мүмкүндүктөр пайда болууда», — деди ал.
Премьер-министр россиялык тарапты Кыргызстанга инвестициялай алчу Санкт-Петербург ишканаларынын мүмкүндүгүн кароого чакырды. “Бизде электр энергиясы, жумушчу күчү жана имараттардын ижарасы арзан болгондуктан, инвестициялоо жагы да пайдалуураак. Рынок бирдиктүү, Кыргызстан мыйзамдары Россияга жакын эсептелет. Буга байланыштуу сиздердин ишканалардын ийгиликтүү иштеп кетүүгө мүмкүндүктөрү бар», — деп түшүндүрдү Жоомарт Оторбаев.
Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитет төрагасы Евгений Григорьев өз кезегинде билдиргендей, Кыргызстан жана Санкт-Петербургдун негизги милдети – социалдык маселелерди чечүү болуп саналат.
Евгений Григорьев эскерткендей, Кыргызстан жана Санкт-Петербургдун кызматташуусу алкагында 2015-жылга карата бир катар иш-чаралар пландаштырылган, анын катарына Бишкекте февраль айында Санкт-Петербургдун Маданият күнүн өткөрүү дагы кирет. «Ал эми Бишкектин маданий миссиясын биз өз жергебизде күзгүсүн өткөрөбүз», — деди ал.
Мындан тышкары, тараптар туризмди өнүктүрүү маселесин талкуулап, ички аймак аралык туризмди өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү