07
Февраль
2015
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Йорг Фриден менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады
Бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Йорг Фриден менен жолугушту.
Жолугушууну ачууда, Премьер-министр Дүйнөлүк банкка Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Тактап айтканда, Дүйнөлүк банктын директорлор кеңешинин жакынкы арада Кыргызстандын энергетикалык тармагын реформалоого 24 млн АКШ долларын бөлүү чечими тууралуу сөз жүрүүдө.
Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы учурдагы ички саясый абал тууралуу айтып берип, өлкөнүн 2014-жылкы өнүгүү жыйынтыктары менен тааныштырды.
Премьер-министр кошумчалагандай, 2014-жылдын 24-декабрында Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеште Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасы үчүн 2014-2017-жылдарга карата стратегиясы колдоого алынган. Өкмөт башчы белгилегендей, аталган стратегия Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын негизги багыттарына дал келет.
Өкмөт башчынын айтымында, мамлекеттик башкарууну, экономиканын финансылык, энергетикалык, социалдык жана жеке тармактарын өнүктүрүү маселеси биздин республика үчүн келечектүү болуп саналат. Ал келечекте Дүйнөлүк банк менен “Өнүктүрүү жаатын колдоо максатындагы операциялар” программасын ишке ашырууда кызматташууга ниетин билдирди.
Андан соң тараптар биргелешкен долборлорду ишке ашыруу процессин кеңири талкуулады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу жана экономикалык өнүгүүсү үчүн туруктуулуктун сакталышы зарыл экендигин белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү