12
Март
2015
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Сародж Кумар Джа менен биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулады
Бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Сародж Кумар Джа менен жолугушту.
Жолугушууну ачууда Премьер-министр Дүйнөлүк банкка Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана мамлекеттик секторду реформалоого жана өлкөнүн жеке тармагын өнүктүрүүгө көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы учурдагы ички саясый жана экономикалык абал туурасында айтып берди. Тактап айтканда, Өкмөт башчы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 2 айында ИДП көлөмү 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,5% өскөн.
Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик башкарууну, финансылык, энергетикалык, социалдык жана экономиканын жеке тармагын өнүктүрүү маселеси биздин республика үчүн маанилүү болуп саналат. Ошондой эле ал Дүйнөлүк банк “Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында операциялардын” үчүнчү баскычын жакын арада ишке киргизүүсүнө ишеним билдирип кетти.
Андан соң тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу процессин кеңири талкуулады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк банк аралык келечек кызматташуусуна ишеним билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү