20

Декабрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Кеңешме жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ведомство жетекчилеринин жеке пландарынын аткарылышы боюнча конкреттүү баа берилет»

Бүгүн, 19-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында КР вице-премьер-министрлери министрлик жана ведомство жетекчилеринин 2014-жылга карата Иш-аракет жана милдеттенмелер планынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу жыйынтык отчету менен чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев белгилегендей, кеңешме жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ведомство жетекчилеринин жеке пландарынын аткарылышы боюнча конкреттүү баа берилет.

«Өз Иш-аракет жана милдеттенмелер планын аткарбаган мамлекеттик орган жетекчилерине карата ээлеген кызматынан бошотууга дейре катаал административдик чаралар көрүлөт», — деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев белгилегендей, экономикалык блок жана агроөнөржай комплекс жетекчилеринин бекитилген Иш-аракет жана милдеттенмелер планына ылайык, 138 милдет аткарылышы керек эле. Алардын 91и аткарылып, 47си ишке ашырылган эмес.

“Милдеттенмелердин көпчүлүк бөлүгү формалдуу мүнөзгө ээ, мониторингдөө жок, реформалык идеялар да жокко эсе, ал эми алардын аткарылышы заманбап чакырыктарга жана мамилелерге жооп бербеген эски принциптер боюнча жүрүүдө», - деди Тайырбек Сарпашев.

«Көп сандаган кеңешмелердин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жетекчилердин жеке иш-пландарынын аткарылышын баалоонун талаптары тандалып алынган.

Өз жеке пландарынын 33% жогору бөлүгүн аткарбаган жактарга карата административдик жоопкерчилик чарасы көрүлүүсү тийиштиги тууралуу чечим кабыл алынган”, - деп түшүндүрдү Биринчи вице-премьер-министр.

Натыйжада, көрсөтүлгөн баалоо талаптарына ылайык, жыл жыйынтыгы боюнча, Тайырбек Сарпашев бир катар мамлекеттик ведомство жетекчилерине , тактап айтканда, айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиевге, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагентик директору Турдубек Мамбетовго, ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекция директору Таалайбек Нурбашевге сөгүш берүү жөнүндө сунушун киргизди.

Андан соң реалдуу сектор ведомство жетекчилеринин Иш-аракет пландары каралды. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин маалыматына ылайык, 2014-жыл үчүн 149 иш-чара пландаштырылган, анын 92% аткарылган.

2014-жылга карата пландаштырылган иш-чаралардын 5% ашууну өтмө мүнөзгө ээ, же финансылык ресурстарды жана инвестицияларды тартууга байланыштуу эсептелет. Иш-аракет пландардын айрым аткарылбай калган пункттарын аталган ведомство жетекчилеринин ээлеген кызматынан бошотулушу менен байланыштырууга болот», - деп маалымдады Тайырбек Сарпашев.

Андан соң республиканын күч блогундагы Иш-пландардын аткарылышы боюнча баяндама менен КР вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев чыгып сүйлөдү.

«Талдоолор көрсөткөндөй, күч ведомство жетекчилери тарабынан 82 иш-чаранын аткарылышы пландаштырылган, бүгүнкү күндө анын 74ү аткарылган», — деди ал.

“Пландарды аткаруудагы начар аткаруу тартиби КР ИИМ жана КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамкызматына мүнөздүү. Иш-чаралардын көп бөлүгү ИИМ мурдагы жетекчиси Абдулда Суранчиевдин планында каралган. Андагы 17 иш-чаранын 7си аткарылбай калууда», — деди Абдырахман Маматалиев.

Ошондой эле белгиленгендей, алдыга коюлган максаттардагы негизги кемчиликтер КР ИИМ мурунку жетекчиси тарабынан кетирилип, алардын айрымдары аталган кызматка жаңыдан дайындалган Мелис Турганбаев тарабынан жоюлган.

“ЖАМК төрагасы тараптан 5 иш-чара пландаштырылып, анын ичинен 4ү толук көлөмдө аткарылып, 1и аткарылган эмес. Аталган милдеттин аткарылбагандыгы үчүн С.Арбаевге карата КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрдагы кеңешмесиниин жыйынтыгы боюнча тартиптик жоопкерчилик көрүлгөн», — деди вице-премьер-министр.

Жыйынтыгында Абдырахман Маматалиев Иш-аракет пландарына карата жоопкерчиликтүү мамиле ӨКМ министри, МУКК төрагасы жана башка бир катар күч түзүм жетекчилери тарабынан орун алгандыгын белгилеп кетти.

Социалдык блок ведомство жетекчилери тараптан Иш-аракет пландардын аткарылышы боюнча баяндаманы вице-премьер-министр Эльвира Сариева жасады.

«Социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Дене-тарбия жана спорт мамагенттиги жеке пландарындагы пункттарды 98% аткарышкан. Соцфонд жана Милдеттүү түрдө медициналык камсыздоо фонду өз милдеттенмелеринин 25% аткара алган эмес. Билим берүү жана илим министрлиги, Миграция жана жаштар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өз Иш-аракет пландарынын 40% ишке ашырган эмес. Бул бардык 4 ведомствонун жетекчилигинин алмашуусуна байланыштуу орун алган. Пландагы көрсөтүлгөн жана аткарылбай калган пункттар келерки жылга өтөт», — деди вице-премьер-министр.

2014-жылга карата министрлик жана ведомство жетекчилеринин Иш-аракет жана милдеттенмелер планынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу жыйынтык отчеттор каралган соң, вице-премьер-министрлердин киргизген сунуштарын эске алуу менен административдик чараларды көрүү тууралуу чечим кабыл алынды, аларга келерки жуманын башында расмий түрдө кол коюлмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү