17
Февраль
2015
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө сынак өткөрүү жөнүндө буйрукка кол койду
16-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Жерүй” алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык иликтөө максатында кен пайдалануу укугуна сынак жеңүүчүсүн аныктоонун талаптарын жана өткөрүү шартын, тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна кол койду.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 450 буйругу аркылуу түзүлгөн Ведомство аралык сынактык комиссиянын буйругуна ылайык, “Жерүй” алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык иликтөө максатында кен пайдалануу укугуна сынакты тийиштүү тартипте өткөрүү тапшырылган.
КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине жалпыга маалымдоо каражаттарына “Жерүй” алтын кенин иштетүү жана тийиштүү аянтта геологиялык иликтөө жүргүзүү максатында кен пайдалануу укугун алууга сынактын өткөрүлүшү тууралуу кулактандыруу жарыялоосу тапшырылган.
Кенди иштетүү боюнча сынак процесси ачык-айкын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык өткөрүлөт. Аталган сынак кенди комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында өткөрүлөт.
“Жерүй” кени жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен-байлыктардын тизмесине кирет, аларды иштетүүчүлөр сынактык негизде аныкталат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү