20
Сентябрь
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев МКК жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу жөнүндө түшүндүрүү кампаниясын өткөрүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды
Бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын күн тартибиндеги маселелердин бири катары КР Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикованын КР Өкмөтүнүн Бирдиктүү мамлекеттик калктын регистрин түзүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматы угулду.
А.Шаикованын айтымында, биометрикалык маалыматтарды чогултуунун стационардык жана мобилдик пункттары үчүн жайгаштыруучу пункттар толугу менен аныкталган.
“Биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн 2 миң 45 адамдан турган операторлордун саны такталган. Окутуунун биринчи баскычы жүргүзүлүп, 50 машыктыруучу даярдалган. Бүгүнкү күндө 1 миң 605 адам өз биометрикалык маалыматын тапшырган. Сентябрдын соңуна дейре борбордук мамлекеттик органдардын биометрикалык маалыматын каттоо жана өлкө аймактарында массалык чогултуу ишин жүргүзүү пландаштырылууда», — деди А.Шаикова.
МКК жетекчисинин айтымында, Бирдиктүү мамлекеттик калктын регистри калктын маалымат базасы, паспорттордун маалымат базасы, биометрикалык , даректер жана ЗАГС маалыматтар базасынан турат.
Республика боюнча 15 министрликте, эки комитетте, 12 мамлекеттик кызматта, беш фонддо, 4 агенттикте, 7 облуста, 14 шаарда, 44 райондо жана 465 айыл аймагында штабдар түзүлгөн.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, биометрикалык маалыматты жашы 16 жаштан жогорку 3 млн 641 миң жарандан чогултуу зарыл.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев калк арасында биометрикалык маалыматты чогултуу жөнүндө түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү боюнча ишти күчтөндүрүү зарылдыгын белгилеп, биометрикалык маалыматтарды чогултуунун стационардык жана мобилдик пункттарын өз убагында ачуу жана иштетүү боюнча бардык тийиштүү уюштуруучу иш-чараларды өткөрүүнү тапшырды.
А.Шаикованын КР Өкмөтүнүн Бирдиктүү мамлекеттик калктын регистрин түзүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматы эске алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү