09

Декабрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев МБК жана МСК бажы төлөмдөрүн жана салыктарды чогултуу планын 100% аткаруу менен жылды жыйынтыктоону тапшырды

Бүгүн, 9-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, ноябрь айына карата кирешелерди чогултуу боюнча коюлган пландар бажы жана салык кызматтары тарабынан ашыгы менен аткарылган.

“Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) тараптан 11 ай ичинде план - 762 млн сомго, ал эми Мамлекеттик салык кызматы (МСК) тараптан 191 млн сомго ашык аткарылган. Бирок октябрь айынын жыйынтыгы боюнча Салык кызматы тараптан план аткарылган эмес. Жалпысынан алганда, 11 айдын жыйынтыгы боюнча салыктарды чогултуу боюнча план 96,8% аткарылган. Буга байланыштуу бажы жана салык кызматкерлери декабрь айына карата планды толугу менен аткарышы маанилүү. Мындан мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы жана пенсия жана жөлөкпулдардын өз убагында берилиши көзкаранды», — деди Жоомарт Оторбаев жана салык жана бажы кызматкерлерине үстүбүздөгү жылды бажы төлөмдөрүн жана салыктарды чогултуу планын 100% аткаруу менен жыйынтыктоону тапшырды.

Премьер-министр Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замир Осмоновго пландын аткарылышын камсыздай албаган салык башкармалык начальниктерин ээлеген кызматынан бошотууну тапшырды. Буга катар салык жана бажы кызмат жетекчилерине кадрдык курамды ротациялоо боюнча ишти активдештирүү тапшырылган.

[su_carousel source="media: 47271,47272,47273,47274" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү