05

Декабрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев тутумдук коррупцияны жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашырууну күчтөндүрүүнү тапшырды

Бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев мамлекеттик органдар тарабынан тутумдук коррупцияны жоюу боюнча кадамдык иш-чаралар планын ишке ашыруу процесси боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.

Жыйынга Финансы министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматынын, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, ошондой эле Коргоо кеңеш катчылыгынын жетекчилери катышты.

Жыйын башталышында Премьер-министр эскерткендей, Өкмөттүн коррупцияга каршы аракет көрүү боюнча иш-чаралар планын аткаруу алкагында ар-бир министрлик жана ведомствого тапшырмалар берилген.

Кеңешме алкагында министрлик жана ведомство жетекчилери тутумдук коррупцияны жоюу боюнча кадамдык иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча отчетторун сунуштады.

Иштиктүү кеңешме катышуучуларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматынын, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары угулуп талкууланган соң, көрсөтүлгөн маморган жетекчилеринин тутумдук коррупцияны жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу деңгээли жетишсиз деп табылуусу, ошондой эле кадамдык иш-чараларды ишке ашыруудагы натыйжалуулукка умтулуу тийиштүү деңгээлде болбой жаткандыгы тууралуу чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары, Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине кадамдык иш-чаралар жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу пландарын ишке ашыруу боюнча иштерди келечектүү катары аныктап, аталган багыттагы коррупцияга жана коррупциялык укук бузуулардын орун алышын шарттаган көрүнүштөргө карата коомчулукта келишпес мамилени жаратуу боюнча аткарылган иштердин натыйжасын үзгүлтүксүз чагылдырууну камсыздоосун тапшырды.

Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн ведомство жетекчилерине тутумдук коррупцияны жоюу боюнча кадамдык иш-чаралар планынын формалдуу түрдө аткарылышы, же аталган пландын пункттарын өз мөөнөтүндө аткарбагандык үчүн жоопкерчиликтүү жактарды ээлеген кызматынан бошотууга дейре тартиптик чаралар көрүлөөрүн белгилөө тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешине караштуу иштиктүү топ тарабынан иштелип чыккан кадамдык иш-чаралар планына ылайык ишти улантуу тапшырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү