17

Октябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Токтогул ГЭСинде үзгүлтүксүз онлайн видеокамерараларды орнотууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине Токтогул ГЭСинин бардык суу бөлүштүрүүчү жайларында видеокамераларды орнотуп, веб-сайт аркылуу үзгүлтүксүз онлайн алып көрсөтүүнү камсыздоосун тапшырды.

Аталган иш-чара энергетикалык компаниялардын ишинин ачыктыгын жана Өкмөттүн энергетика тармагын реформалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатына карата калктын ишенимин жогорулатууну күчтөндүрүү боюнча чаралардын бири болуп эсептелет. «Коомчулукка Токтогул суу сактагычынан көзөмөлсүз суу коё берүү жана аны сатуулар мүмкүн эместигин көрсөтүү зарыл», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Видеокамераларды орнотуу боюнча иштер эртең, 2014-жылдын 10-ноябрында жыйынтыкталат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү