29

Ноябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыска мөөнөттө “капиталдык салым” беренеси боюнча каржыланчу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн билим берүү обьектилерин тандоо критерий

Бүгүн, 29-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев республикалык бюджеттен каржыланчу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн иштелип чыккан билим берүү обьектилерин тандоо критерийлерин талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү.

Республикалык бюджеттен каржыланчу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн иштелип чыккан билим берүү обьектилерин тандоо критерийлеринин негизги параметрлеринин бетачарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамагенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев тартуулады.

Тактап айтканда, республикалык бюджеттен “Капиталдык салым” беренеси боюнча каржылоо жүргүзүлүп жаткан курулуш обьектилеринин тизмесине киргизүү үчүн негизги критерийлер катары орун алган билим берүү обьектисинин физикалык жактан эскилиги жеткендиги, жакын жайгашкан обьектиге чейинки аралык, ар-бир класстын толукталгандыгы, кабинеттин ар-бир окуучуга карата аянты, окутуунун алмашуу иретинде жүргүзүлүшүн бекитүү сунушталат.

Талкуу жыйынтыгы боюнча, Жоомарт Оторбаев түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды, анын ичинде, теңме-тең каржылоо жана баалоо критерийлерин деталдаштырууну эске алуу менен Билим берүү обьектилерин тандоо критерийлерин иштеп чыгууну тездетүүнү тапшырды.

«Критерийлер кыска мөөнөттө иштелип чыгуусу зарыл. Бардык сунуш-пикир эске алынган соң, документ долбоору кеңири талкууга коюлушу тийиш. Бул процесске Жогорку Кеңешти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрүн жана башка кызыкдар ведомстволорду тартуу керек. Анткени калк тигил, же бул обьект кайсы критерийдин негизинде мамлекет тараптан “капиталдык салым” беренеси боюнча каржыланчу тизмеге киргизилгендигин билүүсү керек. Биз каржылоо үчүн обьектилерди тандап алуу процесси жана принциби тутумдуу жана ачык жүргүзүлүп жаткандыгын, мында коррупцияга орун жок экендигин көрсөтүүбүз зарыл», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана Айыл чарба жана мелиорация министрликтерине саламаттык сактоо мекемелерин жана ирригация жана суу менен камсыздоо обьектилерин куруу үчүн ушундай эле критерийлерди иштеп чыгуу тапшырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү