25

Ноябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев турак-жайларды милдеттүү камсыздоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүүнү тапшырды

Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев турак-жайларды милдеттүү камсыздоо боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.

Жыйындын башталышында Жоомарт Оторбаев турак-жайларды жаратылыш кырсыктарынан камсыздоону милдеттүү түрдө киргизүү зарылдыгын белгиледи.

“Жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жарандарга мамбюджеттен компенсация төлөөгө байланыштуу чоң жүк түшүп жаткандыгына байланыштуу биз турак-жайларды милдеттүү түрдө камсыздоо маселесин иштеп чыгуубуз керек. Бүгүнкү күндө камсыздоо иши ыктыярдуу негизде жүрөт, өз турак-жайын камсыздаган жарандардын саны өтө аз. Аталган көйгөй Ысык-Көл облусундагы акыркы жер силкинүүгө байланыштуу актуалдуу мүнөзгө ээ болду, андагы зыян суммасы 100 млн сомдон ашкан”, — деди Жоомарт Оторбаев.

КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамкызматынын төрагасы Санжар Муканбетов маалымдагандай, милдеттүү түрдө камсыздоо жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, министрлик жана ведомстволордун макулдашуусуна жөнөтүлгөн. Ошондой эле ал белгилегендей, ведомство тарабынан мамлекеттик камсыздоо компаниясын түзүү жөнүндө маселе иштелип чыккан.

“Реформа абдан маанилүү, бирок биз камсыздоо ыкмаларын жана принциптерин тыкыр ойлонуп чыгуубуз керек. Мыйзам долбоору боюнча, коомдук угууларды кеңири өткөрүү керек. Турак-жайларды милдеттүү түрдө камсыздоо үй-бүлө үчүн кыйынчылык жаратпашы керек. Бирок бул нерсе капиталдык салым каражатын жогорулатууга, ошондой эле жаратылышы кырсыгынан жабыркаган жарандарга компенсацияларды төлөөдө бюрократиялык көрүнүштөрдү кыскартууга мүмкүндүк берет”, — деп жыйынтыктады Премьер-министр.

[su_carousel source="media: 46276,46277,46278" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү