06

Декабрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жер силкинүүдөн жабыркаган Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз районуна барат

Бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 14-ноябрында жер силкинүүдөн жабыркаган Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз районуна иш сапары менен барат.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы талкалануу деңгээли жана анын масштабы, калыбына келтирүү-оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, жаратылыш кырсыгынан турак-жайлары жабыркаган айыл тургундары менен жолугушмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү