24

Октябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев дипломаттарды кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын элчилик кызматкерлер күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев дипломаттарды кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын элчилик кызматкерлер күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу дипломаттар жана Кыргыз Республикасынын элчилик кызматынын ардагерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин негизделгенине 70 жыл толушу менен куттуктайм.

Кыргызстандын дипломатиялык кызматы 1944-жылы согуштун катаал мезгилинде негизделген. Жетимиш жылдык убакытта ведомство көптөгөн кыйынчылыктарды басып өттү. Өзгөчө алгачкы кадамдар абдан татаал болду…

Бүгүнкү күндө республиканын дипломатиялык кызматы улуттук кызыкчылыктарды алга коюу менен аймактык жана глобалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышууда.

Тышкы иштер министрлигин бир катар атактуу, көрүнүктүү коомдук ишмерлерибиз жетектеп келген. Алгачкы жетекчиси Казы Дикамбаевич Дикамбаев Кыргыз ССРинин Тышкы иштер боюнча Эл Комиссары деген кызмат ордун ээлеген.

1991-жылы суверенитетке ээ болгондон тартып, эгемендүү Кыргызстандын жаңы барагы ачылды. Ушул мезгилде өз алдынча тышкы саясат жүргүзө баштадык. Кыргыз Республикасы ООН, ВТО жана башка авторитеттүү эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерди түзүүгө жетишти. Ошол мезгилде эл аралык негиздөөчү документтерге жана келишимдерге кол коюлду. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү алгачкы элчиликтери ачылды. Азыр болсо Кыргызстан 100дөн ашуун мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, чет өлкөлөрдө 25 элчилик жана 5 Башкы консулдук ачты. Учурда ал жакта биздин 224 кызматкерибиз эмгектенип жатат.

Биз тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө жашап жатабыз, сиздердин алдыңыздарда бир топ чечиле турган маселелер турат. Азыр дүйнөдө, тилекке каршы, чыр-чатактуу потенциал күч алууда, эски келишпестиктер чыңалууда жана жаңы кризистер пайда болууда. Сиздер болсо дипломатиялык бардык каражаттарды колдонуу менен алдыда турган маселелерди татыктуу чечүүгө аракеттенесиздер деген терең ишеним бар.

Урматтуу дипломаттар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 70 жылдык мааракеси менен дагы бир ирет куттуктайм.

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук жана татаал, ары сыймыктуу иштериңиздер ийгилик менен коштолуусун каалайм!

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү