07
Октябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жарандык авиация кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жарандык авиация кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
«Урматуу авиаторлор!
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясына 81 жыл толушу жана СССРдин Эмгек сиңирген пилоту Абдраимов Ишенбай Абдраимовичтин 100 жылдык мааракесине байланыштуу чын дилден чыккан куттуктоомду кабыл алыңыздар.
Авиациянын Кыргыз Республикасынын өнөр-жайынын жана маданий өнүгүүсүнө, аймак аралык жана эл аралык байланыштарга тийгизген таасири айныксыз.
Авиация экономикалык жана иштиктүү кызматташууну, Кыргызстандын КМШ, Европа жана Азия мамлекеттери аралык маданий байланышты камсыздаган натыйжалуу транспорттук каражат болгон жана ал бойдон кала берет.
Авиаторлордун каарман эмгегине жараша жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү туруктуу түрдө жогорулап, жаңы эл аралык багыттар ачылууда.
Кесипкөйлүк жана жоопкерчилик, бай тажрыйба, кесиптик милдетти татыктуу аткара билүү – бул сапаттар заманбап учкучтардын ишине мүнөздөмө берет. Учкучтар, штурмандар, инженерлер, жер үстүндөгү кызмат адистери өзүнүн татаал, жоопкерчиликтүү жана өлкө үчүн өзгөчө маанилүү ишин ар-намыстуу аткарууда.
Белгилей кетчү нерсе, сиздердин тактыгыңыздардан, жоопкерчилигиңиздерден тармакты натыйжалуу өнүктүрүүнүн маанилүү көйгөйүнүн ийгиликтүү чечилиши, учуулардын коопсуздугун камсыздоонун ишенимдүүлүгү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү өз мөөнөтүндө жеткирүү көзкаранды.
Өзгөчө ыраазычылыкка авиация ардагерлери татыктуу. Алар биринчилерден болуп, жаңы аба жолдорун өздөштүрүп, авиациянын жер үстүндөгү инфраструктураларын түзүп, өлкөнүн абадагы чектерин коргоону камсыздаган, ишке карата тактык мамилеси менен атамекендик авиаторлордун мыкты салттарын улашкан.
Сиздерге таза асман, коопсуз учууларды, чың ден-соолукту, ал эми сиздердин үй-бүлөңүздөргө бакубаттуулукту жана ийгиликтерди каалайм!»
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү