01

Ноябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өлкөнүн маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери!

Сиздерди чын дилден жеке өзүмдүн жана Өкмөттүн атынан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздердин эмгек инсандын өнүгүп-өсүүсүнө тирек болуп, коомдогу маанилүү рухий баалуулуктарды аныктайт.

Сиздердин мазмундуу ишмердүүлүгүңүздөргө жараша биз улуттук маданий мурастардан ыракат алуу жана аны байытуу мүмкүндүгүнө ээ болуудабыз.

Биздин бай мурастарды сактоого өз үлүшүңүздөрдү кошуп, улуулукка умтулуу менен катар ага карата коомчулуктун урматтоо сезимин жаратып, жаш муунду татыктуу тарбиялоого кайталангыс салым кошуп жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.

  Майрамыңыздар менен!   Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                                              Ж.К.Оторбаев