08
Декабрь
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев телеберүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев телевидение жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын телеберүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
«Урматтуу телеберүү жана радио кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы телеберүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайм! Республикада 1958-жылдын 8-декабрында обого алгачкы телеберүү чыккан. Ал кезде кыргыз телеберүүсү болгону жумасына 4 ирет чыккан, ал эми кабыл алуу телевизиондук кабыл алгычтар аркылуу жүргүзүлгөн жана ак-кара түстө болгон. Бирок азыркы учурда кыргыз телеберүүсү жана радио өлкөдө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу ыкчам маалымат алуунун негизги булагы болуп саналат. Обого алгачкы берүү чыккан мезгилден тарта 56 жыл аралыгында телеберүү жана радио зор өнүгүүгө жетишти. Эфирдик убакыт көбөйүп, теле жана радио сигналдарын кабыл алуу сапаты бир топ жакшырды, ал эми берүүлөрдүн жана уктуруулардын диапазону ар-бир жарандын муктаждыгын канааттандыра алат. Учурда Өкмөт тараптан 2015-жылдын 17-июнуна карата Кыргыз Республикасын санариптик телеберүүгө өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ал көрсөтүү сапатын жакшыртууга жана берүү аймагын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Мында белгилей кетчү нерсе, санариптик берүүгө өтүү – бул убакыт талабы жана чакырыгы. Менин ишенимимде, биз биргеликте бул максатка жетише алабыз жана санариптик телеге өтүү боюнча биринчи баскыч ийгиликтүү ишке ашырылды.Урматтуу журналисттер!
Ушул майрам күнү бардыгыңыздарга, жалпы теле жана радионун ишин камсыздап, обого чыккан жана анын артында иш жүргүзгөн жактарга чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачыл ийгиликтерди жана телекөрүүчүлөрдүн жана радио угармандардын сүймөнчүгү болуп жүрө берүүңүздөрдү каалагым келет».