10
Ноябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев окумуштууларды, илимий кызматкерлерди Илим күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев окумуштууларды, илим тармагынын кызматкерлерин Илим күнү менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти
Урматтуу окумуштуулар, илим тармагынын кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өз атымдан сиздерди Илим күнү менен куттуктайм.
Кыргыз илими өз өнүгүүсүндө татаал жолду басып өттү. Советтик илимий тутумдун курамындагы кезинде Кыргызстан илими көптөгөн маанилүү ийгиликтерге жетишкен.
Кыргызстандын аты дүйнөгө таанымал болгон таланттуу окумуштууларга бай болгон. Республикада илимге карата ар-дайым сый-урмат менен мамиле кылынып келген. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстан илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууда өз жолун жана ыкмасын жигердүү издөөсү керек.
Өлкө үчүн илмий иликтөөлөр реалдуу жыйынтыкка ээ болуп, алар өлкө экономикасына киргизилиши маанилүү. Ошондуктан максаттуу каржылоо үчүн илимий иликтөөлөрдүн багытын так аныктап алуу зарыл.
Учурда Өкмөт алдында өлкөдө илимди жана инновациялык ишмердүүлүктү реформалоо боюнча милдет турат. Илимий жетишкендиктерди өлкө экономикасына пайдаланууга көмөктөшчү, илимий ишмердүүлүктү уюштуруудагы жаңы кадамдар керек. Заманбап шартта илим каражат иштеп табууга үйрөнүшү зарыл. Инновациялык процесске катышууда илимдин да, бизнестин да материалдык кызыкдарлыгы болуусу кажет.
Айтылгандарды эске алуу менен биз илимге колдоо көрсөтүү жана реформалоо боюнча бир катар чараларды кабыл алуубуз керек. Республикадагы илимий процесстин уюштурулушуна карата мамилени түп-тамырынан бери карай өзгөртүү керек.
Кыргызстан окумуштуулары улуу муундун сыймыктуу мурасын улоо менен катар мындан ары карай дагы республиканын кызыкчылыгы үчүн эмгектене берээрине ишеним билдирем. Биз Кыргыз Республикасынын илиминин аброюн калыбына кетирүү жана аны өнүктүрүү максатында биргеликте иш алып барабыз. Ал үчүн жетиштүү илимий мүмкүндүк жана өлкө жетекчилигинин эрки бар.
Кымбаттуу жолдоштор! Бардыгыңыздарга ден-соолук, бакыт-таалай жана эл жыргалчылыгы үчүн жаңы чыгармачыл ийгиликтердин жарала беришин каалаймын!