06
Ноябрь
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өлкө журналисттерин кесиптик майрамы – Басма сөз жана маалымат күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өлкө журналисттерин кесиптик майрамы – Басма сөз жана маалымат күнү менен куттуктады.
Урматтуу журналисттер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Басма сөз жана маалымат күнү менен куттуктайм! Журналисттик кесип ар-кандай мамлекетте жана ар-кыл саясый түзүлүштө ал адис ээсинин сөз чебери болуусун гана эмес, жеке кайратты да талап кылат. Мен кыргыз басма сөзү реформаларды ишке ашырууда жана жарандык коомду өнүктүрүүдө баа жеткис ролду аткарып жаткандыгын канагаттануу менен ишенимдүү түрдө билдирип кете алам. Журналистика айдыңына көөдөнүндө идиреги бар адамдар гана келээри жашыруун эмес, анткени ак ниет, адилет жана өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн талыкпай эмгектене билген адамдар гана калк көйгөйүн чагылдырган макала-репортаждарды жаратып, эл жүрөгүнөн орун таба алат. Дал ушул сиздердин ишиңиздерге жараша республиканын калкы окуя болуп жаткан жерден жүздөгөн чакырым алыста туруп, ыкчам, ишенимдүү жана толук кандуу маалыматтарды алуу мүмкүндүгүнө ээ болууда. Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, сиздер ишиңиздерде мамлекеттик бийлик органдарынын кемчиликтерин көрсөтүүгө аракеттенесиздер, өз кезегинде ал мамлекеттик чиновниктердин ишин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул бекер жерден эмес, анткени сиздердин жана биздин алдыга койгон максатыбыз - бир, өлкөдөгү жарандардын коопсуз, эркин жана бакубат турмушун камсыздоо болуп саналат.Урматтуу журналисттер!
Сөз эркиндиги жана басма сөздүн эркин болуусу биз үчүн жасалма көрүнүш эмес, чыныгы баалуулук болуп саналат. Сиздерге өз милдетиңиздерди ак ниеттүүлүк менен жана чын жүрөктөн аткарып, ишиңиздер адамдарга жакшылык тартуулоого багытталышын каалайм. Дал ушул сиздердин иш-аракеттен коом тарабынан аймактардагы жана жалпы өлкөдөгү социалдык маанилүү окуялардын кабылданышы көзкаранды жана сиздер болуп жаткан окуялардын арасынан эң курч жана кызыктуусун тандап аласыздар. Майрам күнү сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерди ийгилик коштоп туруусун жана калемиңердин курчуй беришин каалайм!Премьер-министр Жоомарт Оторбаев