14
Декабрь
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат
Бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Казакстан Республикасынын Астана шаарына ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.
Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Жоомарт Оторбаев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Тактап айтканда, кечкисин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимовдун, ошондой эле Афганистандын Аткаруу комитетинин төрагасы Абдулла Абдулла менен жолугушуусу өтөт.
Жыйын учурунда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоону ниеттенүүдө.
Кийинки күнү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышмакчы.
Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар жана делегация мүчөлөрү күн тартибинде белгиленген интеграцияга жана ШКУга мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө байланыштуу маселелердин кеңири жыйындысын талкуулашат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү