20

Ноябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ашхабад шаарында КМШ өкмөт башчылар кеңешине катышат

Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Түркмөнстан Республикасынын Ашхабад шаарына Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешине катышуу үчүн учуп кетти.

Иштиктүү мүнөзгө ээ болгон сапардын алкагында Жоомарт Оторбаев КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Премьер-министрлери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен жолугушуусу өтөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү