25

Сентябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Түркия Республикасынын улуттук коргоо министри Исмет Йылмазды кабыл алды

Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өлкөгө кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюу үчүн келген Түркия Республикасынын улуттук коргоо министри Исмет Йылмазды кабыл алды. Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев Исмет Йылмазды жылуу тосуп алып, кыргыз-түрк өз-ара аракеттешүү контекстинен алып караганда, анын сапарынын маанилүүлүгүн билдирди. “Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта Түркия Республикасы дайыма бизди жалпы маданият, тарых жана салт-санаа байланыштырып турган бир тууган эл катары колдоп келүүдө», - деп билдирди Премьер-министр. Өкмөт башчы президенттик шайлоонун ийгиликтүү жыйынтыкталышы жана Түркия Республикасынын Президенти болуп Реджеп Тайип Эрдогандын шайланышы менен куттуктады. Баарлашуу учурунда Жоомарт Оторбаев өлкөлөр аралык соода-экономикалык кызматташуунун активдешүүсүнө ишеним билдирип, коргонуу, коопсуздукту сактоо, билим берүү, медицина, соода жана авиаташуулар жаатында мүмкүндүктөр кеңири экендигин белгиледи. Ошондой эле ал министрге КР куралдуу күчтөрүн реформалоодогу аскер-техникалык көмөгүн көрсөткөндүгү, эки мамлекет аралык гранттык келишим алкагында аскер адистерин даярдоодо көрсөтүлгөн көмөк үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Исмет Йылмаз коопсуздукту камсыздоо маселесиндеги кызматташуунун маанилүүлүгүн билдирди. “Биз сиздердин офицерлер биз тараптын мыкты адистери тарабынан тарбияланып жаткандыгына сыймыктанабыз. Ошондой эле биз сиздердин аскер кызматкерлерди Түркиянын аскер-медициналык мекемелеринде сапаттуу дарылоо жаатында келишимге кол койдук». Жыйынтыгында тараптар өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын жакшыртуу зарылдыгы тууралуу макулдашты.

[su_carousel source="media: 42570,42571,42572,42573,42574" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]