10
Ноябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев саламаттык сактоо министрлигине жаңы дайындалган Талантбек Батыралиевди кабыл алды
Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине жаңыдан дайындалган Талантбек Батыралиевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев жана Талантбек Батыралиев Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин алдында турган узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттөгү милдеттерди талкуулады.
Тактап айтканда, Өкмөт башчы саламаттык сактоо тутумуна бөлүнүп жаткан каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы зарыл экендигине басым жасады.
“Ар жыл сайын социалдык тармакка, анын ичинде, саламаттык сактоо тармагына республика бюджетинен чоң каражаттар бөлүнөт. Бирок бардык муктаждыктарды камсыздоого каражат жетишпейт. Резервдер дагы бар, бирок чыгымдарды жакшыртуу эсебинен бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу зарыл. Менеджменттин заманбап ыкмалары пайдаланылган клиникадагы иш тажрыйбаңыз саламаттык сактоо тутуму алдында турган милдеттерди чечүүгө жардам берет деп ишенем», — деп белгиледи Премьер-министр.
Өз кезегинде Талантбек Батыралиев Жоомарт Оторбаевге республиканын бир катар аймактарында болуп, ооруканалардын жана поликлиника жана ФАПтардын иши менен жеринде таанышкандыгын маалымдады.
“Сапар жыйынтыгы боюнча биринчи кезекте чечиле турган милдеттердин тизмеси аныкталды. Эки жумадан соң мен өз Иш-аракет планымды сунуштайм, анда чечилүүгө муктаж болгон милдеттенмелер көрсөтүлөт», — деди Талантбек Батыралиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү