06

Декабрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Тоң облусунун Бөкөнбаев айылындагы биометрикалык маалыматтарды чогултуу процессин көзөмөлдөдү

Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бөкөнбаев айылындагы жарандардын биометрикалык маалыматын тапшыруусунун жүрүшүн көзөмөлгө алды.

Тоң районунун акими Бакыт Рысбаев Премьер-министрге жарандардын 25% биометрикалык маалыматы чогултулгандыгын билдирди. Акимдин айтымында, 2015-жылдын февраль айына дейре Бөкөнбаев айылындагы тургундардын биометрикалык каттоосу толугу менен жыйынтыкталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев маалымдагандай, облус боюнча ар күн сайын биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын саны көбөйүүдө жана 2015-жылдын март айына дейре Ысык-Көл өрөөнү боюнча аталган ишти жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 5-декабрына карата республика боюнча биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын саны 800 миң адамдан ашты.

“Келерки жумада 1 млн ашуун калктын биометрикалык маалыматы чогултулат. Биометрикалык маалыматтар — бул 21-кылымдын чакырыгы. Дүйнөдө 100 ашуун өлкө биометриканы киргизген. Биометрикага өтүү шайлоолорду акыйкат өткөрүүгө, кылмыштуулук менен ыкчам жана натыйжалуу күрөшүүгө, мыйзамсыз паспортторду берүүнү токтотууга жана “өлүү жандарды” ачыктоого мүмкүндүк берет», — деди Премьер-министр.

Ал Эмилбек Каптагаевге 2015-жылдын мартына карата облус боюнча биометрикалык маалыматтарды чогултууну жыйынтыктоо тапшырмасын берди.

Учурда Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Тоң районунун калкы менен жолугушууда. Иштиктүү сапар уланууда.

[su_carousel source="media: 47121,47122,47123" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү