15
Сентябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өлкөдөгү коомдук-саясый абалды талдоо жана укук тартибин чыңдоо боюнча жыйын өткөрдү
Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев укук коргоо жана күч орган жетекчилеринин катышуусунда өлкөдөгү коомдук-саясый абал боюнча кезектеги жыйынды өткөрдү.
Жыйын башталышында Жоомарт Оторбаев укук коргоо, күч орган жана сот органдарынын мыйзамсыз аракеттердин, анын ичинде стратегиялык маанидеги жолдорду тосуу жана тоо-кен аймактарындагы өзүм билемдикке байланыштуу иштердин алдын алуу максатындагы өз-ара аракеттешүү жана күчтөрдү бириктирүү боюнча жетишсиз иш алып барып жаткандыгын белгиледи.
«КР Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө сүйлөгөн сөзүндө акыйкат белгилеп кеткендей, биз өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо боюнча ишти күчтөндүрүүбүз керек. Маанилүү принцип катары тартип жана мыйзамдуулукту сактоо эсептелиши кажет. Бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттерге мыйзам алкагында кескин жооп кайтарылышы керек», — деди Өкмөт башчы.
Андан соң Премьер-министр коомдук-саясый абал тууралуу вице-премьер-министр Адрырахман Маматалиевдин, Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевдин, ички иштер министринин биринчи орун басары Бакытбек Жусубалиевдин, Мамлекеттик чекара кызматынын төрагасы Раимберди Дуйшенбиевдин отчетун укту.
Укук коргоо жана күч ведомство жетекчилери билдиргендей, жалпысынан республика аймагында коомдук-саясый абал туруктуу жана көзөмөлдө турат.
Абалды туруксуздандыруунун негизги себептери катары: өлкө аймактарындагы бир катар кен айланасындагы абалдын курчушу, Баткен облусундагы чектеш райондордогу чыңалуу, айрым саясатчылардын тууган-туушкандарынын соттук чечимдерге нааразычылыгы, ошондой эле айрым калк топторунун социалдык абалы аталды.
Өлкөдөгү коомдук-саясый абал тууралуу маалыматты уккан соң Жоомарт Оторбаев ИИМ, МУКК, прокуратура жана сот органдарынын өз-ара ыкчам аракеттешүү боюнча чараларынын натыйжасыз болуп жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу ал стратегиялык маанидеги жолдорду тосуу жана тоо-кен аймактарындагы өзүм билемдикке байланыштуу чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдар аралык өз-ара аракеттешүүнү күчтөндүрүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле Өкмөт башчы калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү жана улуттук биримдик жана мыйзамдуулукту сактоо идеясын чыңдоого мүмкүндүк берген маданий иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Андан оң Премьер-министр антитеррористтик ишмердүүлүк, ошондой эле массалык башаламандыкты жоюу боюнча тактикалык чарларды киргизүү жаатында укук коргоо кызматкерлерин даярдоо боюнча такай мүнөздөгү окууларды өткөрүү тапшырмасын берди.
Жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев калкка тигил, же бул кыйынчылыктар тууралуу түшүндүрүү жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишти күчтөндүрүү маанисине басым жасады.
Жыйынга ошондой эле КР Жогорку сот төрага орун басары Бактыгүл Аманалиева, КР Башкы прокурорунун биринчи орун басары Бекмамат уулу Темирбек, КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, ЖАМК төрагасы Советбек Арбаевдер катышты.
[su_carousel source="media: 41717,41718,41719,41720" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү