17

Октябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барат

Бүгүн, 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапары менен барат.

Иш сапардын жүрүшүндө өлкө Премьер-министри стратегиялык жогорку ылдамдыктагы магистралдык «Бишкек-Ош-Баткен» була-оптикалык байланыш линиясын ишке киргизүү салтанатына катышат.

Андан соң Өкмөт башчы Арал айылындагы Т.Тешебаев атындагы орто мектептин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жана Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Жаңы-Жол айылындагы асфальт-бетон заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Күндүн экинчи жарымында Жоомарт Оторбаев улуу, ойчул акын Токтогул Сатылгановдун 150-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү