13
Октябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Казакстан Республикасына иш сапары менен барат
Жыйын жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак шериктештигинин учурдагы жана келечектеги маселелерин жана мурда кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу процессин талкуулоону пландаштырууда.
Тактап айтканда, жыйындын күн тартибине соода, энергетика, өнөр-жай, транспорт, чекаралык кызматташуу, миграция, маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү жана көңүл бурууну жана талкуулоону талап кылган бир катар башка маселелер киргизилген.
Өзгөчө көңүл евразиялык экономикалык интеграция шартындагы мамлекеттер аралык экономикалык кызматташууну өнүктүрүү темасына арналат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү