12
Сентябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «МСК жана МБК планынын аткарылышы боюнча катуу талап коюлат»
Бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 8 айы, анын ичинде август айы үчүн мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча жыйынды Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин, Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) төрагасы Замирбек Осмоновдун жана Мамлекеттик бажы кызмат жетекчиси (МБК) Адамкул Жунусовдун катышуусунда өткөрдү.
Жыйын башында Жоомарт Оторбаев эскерткендей, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын жеке көзөмөлгө алган, буга байланыштуу ай сайын жыйын өткөрүлүп, анда Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин жыйынтыгы тыкыр талдоого алынат, ошондой эле абалды жакшыртуу боюнча чаралар кабыл алынат.
“Кабыл алынган катуу чаралар, анын ичинде өз милдеттенмелерин аткара албаган кызматкерлерди ишинен бошотуу аракеттердин жыйынтыгы жаман болгон жок. Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча МСК жана МБК биргелешкен планы үстүбүздөгү жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча, 300 млн сомго ашыкча аткарылган, ал эми август айынын жыйынтыгы боюнча план 100 млн сомго ашыкча аткарылган», — деп белгиледи Өкмөт башчы.
“Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы тараптан план 100% аткарылган, мында айрым подразделениелер пландык көрсөткүчтөрдү аткара албай калган. Мамбюджетке 2014-жылдын 8 айы ичинде МБК 24 млрд ашуун сом түшкөн, бул 2013-жылдын көрсөткүчүнөн 2 млрд сомго көбүрөөк. Ал эми МСК 26,1 млрд сом түшүп, бул 2013-жылга салыштырмалуу 2,3 млрд сомго көп. Салык төлөмдөрүн чогултуу боюнча план 100% аткарылышы керек жана мен сиздерден тутумдуу түрдө планын аткарбаган жетекчилерге карата кызматтан бошотууга дейре катуу чара көрүүнү өтүнөм. Орун которуштуруу жана сөгүш менен чектелбеңиздер, бул өзгөчө салык орган түзүмдөрүнө тийиштүү”, — деди Премьер-министр фискалдык орган жетекчилерине кайрылып.
Жыйынтыгында Жоомарт Оторбаев МСК жетекчисине салык кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Тактап айтканда, МСК 1-октябрга дейре бардык аймак аралык башкармалыктарды жоюу менен, анын катарында Бишкек шаары да бар, МСК жана Борбордук Аппарат түзүмү боюнча КР Өкмөтүнүн Токтом долбоорун киргизүүсү жана 2015-жылдын 1-январына дейре штатты 120 адамга кыскартууну жагын эске алуу тапшырылды.
Премьер-министр 10 күн ичинде МСК Борбордук Аппаратынын Текшерүү башкармалыгын жоюу зарылдыгын 10 күн ичинде иликтеп чыгууну жана тийиштүү маалыматты КР Өкмөтүнүн Аппаратына сунуштоону тапшырды.
Ошондой эле ал 2014-жылдын башынан тарта ашыкча төлөөнүн жана өнбөгөн калдыктын өсүүсүнө жол берген жетекчилерге МСК жетекчилерине карата кызматтан боштууга дейре катаал чараларды көрүүнү жана мындан ары карай аталган көрсөткүчтөргө жол бербөөнү тапшырды.
Мындан тышкары, Премьер-министр жыйын катышуучуларынын көңүлүн бизнес жана калк ортосундагы өз-ара мамилени жөнгө салуучу МСК административдик регламентин жөнөкөйлөтүүгө бурду.
“МСК калкты тейлөөнү ыкчам жана ага ыңгайлуу шартта жүргүзүшү тийиш. Менде документтерди берүү жагы көбүнэсе кармалып калып жаткандыгы туурасында маалымат бар. Бирдиктүү терезенин иш регламентинде документтерди берүү параметрлери көрсөтүлгөн. Аларды карап чыгуу зарыл. Көбүнчө 15 мүнөттө бүткөрүлчү маалымкаттар бир нече күн, же жума аралыгында гана берилет», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.