26

Сентябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Сүлүктү шаарындагы ЖЭБ курулуш долбоорунун наркы – 100 млн доллар, ал эми анын кубаттуулугу 70-100 МВт түзөт»

Бүгүн, 26-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Баткен облусу боюнча иш сапарынын учурунда 2005-жылы негизделген “Ибрагимов атындагы шахта” ЖЧК иши менен таанышты. Сүлүктү шаарынын мэри Абдузакир Ибрагимов билдиргендей, өткөн жылы ишкана аркылуу 31 миң тонна көмүр казылып алынган. «Шахтанын аянты 25 түзүп, андагы көмүрдүн запасы 1 млн 800 миң тоннага жетет. Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча, 327 адам эмгектенген шахтыда 14,5 миң тонна көмүр өндүрүлгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүштүн бир аз төмөндөшү байкалууда, анын себеби Тажикстан Республикасы менен чекаранын жабылышына байланыштуу каралууда. Жалпысынан Сүлүктү көмүр бассейнинин аймагында көмүр казуучу 20 компания иш алып барат. Мында аталган бассейндеги көмүр запасы 200 млн тоннаны түзөт. «БР» маркасындагы көмүрдүн өздүк наркы 2 900 сомду түзсө, ушул эле маркадагы тандалма көмүрдүн баасы 5 200 сомду түзөт. Учурда биз биринчи кезекте жеңилдетилген баадагы көмүр менен пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, мугалимдерди жана медиктерди камсыздоодобуз. Ал эми аймакта көмүр 9-10 миң сомдон сатылып жатат деген маалымат чындыкка жатпайт. Мындай маалыматты көмүр сатуудан пайда табууну көздөгөн кызылкулактар таркатып жатат», - деди Сүлүктү шаарынын мэри. Өз кезегинде Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков белгилегендей, көмүр казуучу 20 компанияга облустун 20 айыл башкармалыгы бекитилген, аларга көмүр жеңилдетилген баада берилет. Шаар жана облус жетекчилик өкүлдөрүн угуудан соң, Өкмөт башчы анын иш сапарынын негизги максаты – аймакта көмүр өндүрүүнүн жана кышка карата камылга менен жакындан таанышуу жана өлкөнүн ири долбоорлорунун катарына кирген Сүлүктү шаарындагы ЖЭБ курулушун талкуулоо болуп эсептелээрин билдирди. Анын айтымында, долбоордун наркы - 100 млн АКШ долларын, ал эми ЖЭБ кубаттуулугу болжол менен 70-100 МВт түзөөрүн билдирди. Андан соң Жоомарт Оторбаев Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугуп, ЖЭБ куруунун зарылдыгын баса белгиледи, обьектти CASA-1000 долбооруна кошуу менен электр энергиясын экспорттоону жөнгө салууга мүмкүндүк түзүлөт. «Суунун тартыштык мезгилин эске алуу менен биз электр энергиясын пайдалануунун бекитилген чегин сактообуз зарыл. Эгерде бардыгы бекитилген чекти сактаса, анда электр энергиясын өчүрүүлөр орун албайт. Буга катар белгилей кетчү нерсе, энергетикадагы каатчылык бизден энергетикалык коопсуздук маселесин чечүүнүн альтернативдүү жолдорун издөөнү талап кылууда. Сүлүктү шаарындагы ЖЭБ курулушу - тармактагы көйгөйдүн бир бөлүгүн чечүү жолдорунун бири. Республикадагы көмүрдүн жалпы кору 6 млрд тоннаны түзөт. Белгилей кетчү нерсе, ноябрь айына карата Кара-Кече ЖЭБ ТЭНи жыйынтыкталат, анын кубаттуулугу 1400 МВт түзөт, бул анын кубаттуулугу жалпы Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунан көбүрөөк дегенди билдирет. Натыйжада, кадам сайын, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды түзүү менен катар, биз энергетикага байланыштуу маселени чечүүгө аракеттенебиз», – деп билдирди Премьер-министр. Андан соң Жоомарт Оторбаев шаардыктардын суроолоруна жооп берди. Тактап айтканда, алар Сүлүктү шаарынын турак-жай, же жер тилкесин алууга кезекте тургандардын маселесин чечүү үчүн Лейлек районундагы 114 га жерди бөлүү маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты. [su_carousel source="media: 42851,42852,42853,42854,42815,42820,42819,42818,42817,42816" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42815,42816,42817,42818,42819,42820" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel] КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү