19
Сентябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Октябрь айында ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин Иш-аракет пландарынын аткарылышы боюнча Өкмөт жыйыны өтөт»
Бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек жана Ош шаар мэрлеринин Иш-аракет пландарынын аткарылышы боюнча маалымат угулду.
Иш-аракет пландардын аткарылышы маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев баяндама жасады.
«Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Иш-аракет пландары үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тарта ишке ашырыла баштаган. Мында Пландарды аткаруу иши көбүнэсе жасалма мүнөзгө ээ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тараптан План пункттарынын аткарылышынын жүрүшү тыкыр көрсөтүлбөйт. Сандарга токтолсок, Баткен областы боюнча, бүгүнкү күндө Планда көрсөтүлгөн 18 пункттун 6 пункту аткарылган, калгандары боюнча иштер жүрүүдө. Жалал-Абад облусундагы 25 пункттан турган Пландын 11и ишке ашырылган. Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн Иш-планы 20 пункттан турганы менен, учурда аткарылган иштери тууралуу маалымат түшө элек. Ага катар белгилей кетчү нерсе, 1 миң жумушчу орунду түзүү боюнча пункттун аткарылышы үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат. Облуста инвестицияларды тартуу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, жаңы ишканаларды түзүү боюнча иштер жетишсиз деңгээлде аткарылууда. Бүгүнкү күнгө дейре «Кара-Кечедеги» абал турукташтырылган эмес. Бул облус бюджетинин 83% борбордон кошумча каржыланып жаткан учурда орун алууда», — деди ал.
Ысык-Көл облусу тууралуу маалымдоодо Биринчи вице-премьер-министр мындагы Иш-план 28 пункттан тураарын жана негизги басым туризмди жана ага тийиштүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жасалгандыгын белгиледи.
“Чүй облусунун ыйгарым өкүлүнүн Планы 15 пункттан туруп, ал 55 бөлүккө бөлүнгөн. Учурда 17 белгиленген пландар ишке ашырылса, калган 38и боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Облус жетекчилигине дотацияда отурган айыл башкармалыктарынын санын азайтып жана иштетилген жердин көлөмүн жогорулатуу зарыл экендиги айтылды. Учурда облустагы 105 айыл башкармалыгынын 58и көмөкпул алат, ошо эле учурда облустун мүмкүндүгү кенен. Ушундай эле абал Талас облусунда орун алган, анда 48 иш-чаранын 18 пункту ишке ашырылган. Ал эми Ош облусунда белгиленген Пландын 36 пунктунун 16 пункту толугу менен аткарылган», — деди баяндамачы.
Республикалык маанидеги шаарлар тууралуу баяндоодо Тайырбек Сарпашев билдиргендей, Ош шаарында 23 пункттан турган Иш-аракет планы белгиленсе, анын 7си ишке ашырылган. Бишкек шаарынын 14 пункттан турган Планындагы 3 иш-чара ишке ашырылган.
Буга катар Бишкек тургундары көптөгөн шаардык кызматтардын ишине нааразычылыгы туулууда. Тактап айтканда, сөз таштандылардын өз убагында чогултулбагандыгы, жолдорду куруу, реконструкциялоонун жай темпте жүрүшү, жаңы конуш жашоочуларын таза суу менен камсыздоо боюнча иштердин начар деңгээлде аткарылышы тууралуу жүрүүдө.
Борбордук мэрия «Тазалык» муниципалдык ишканасында тартип орнотуп, “Башкара-Суу» суу алгычынын курулушун тездетүүсү кажет. Ош шаарында, башка кемчиликтердин катарында, гранттык каражатка курулчу 200 орундук оорукананын курулушу баштала электиги турат», — деди Биринчи вице-премьер-министр.
Иш-аракеттер планы тездетилген түрдө даярдалгандыктан, ага көптөгөн аткарылчу иштер киргизилбей калган, Тайырбек Сарпашев колдогу Пландарга кошумча иш-чараларды кошууну сунуштады.
Баяндамадан соң, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев билдиргендей, 9 айдын жыйынтыгы боюнча, октябрь айында ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин Иш-аракет пландарынын аткарылышы боюнча өзүнчө Өкмөт жыйыны өтөт.
“Дүйшөмбүдө вице-премьер-министрлер жана Өкмөт мүчөлөрү, облус кураторлору абалды жеринде иликтөө максатында аймактарга чыгат. Алардын корутундулары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин сунуштаган отчетторунун жыйынтыгы боюнча алардын ишмердүүлүгүнө баа берилет», — деди Өкмөт башчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү