19

Сентябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Иш-аракет пландарын аткарбаган маморган жетекчилерине карата катаал административдик чаралар көрүлөт»

Бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө КР вице-премьер-министрлери министрлик жана ведомство жетекчилеринин Иш-аракет жана милдеттенме пландарынын аткарылышы тууралуу баяндамалары менен чыгышты. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдиргендей, бекитилген Иш-аракет пландарга ылайык, Финмин тарабынан алдыга 8 милдет коюлса, анын бешөө аткарылуу алдында турат. Анын экиси өз мөөнөтүндө аткарылган эмес. Алар салык жүгүн теңдештирүү, патент наркын унификациялоо, патенттерди төлөө механизмин кайрадан кароо жаатындагы Өкмөт чечим долбоорлорун киргизүүгө байланыштуу. «Финмин тутумунда жетишпестиктер бар, тактап айтканда, ал жергиликтүү бийликке каржылоону ачуу жаатында орун алган. Бүгүнкү күнгө дейре аймактарга өбөлгө түзүүчү гранттар туура эмес бөлүштүрүлүүдө. Бул багытта эч нерсе жасалган жок”, — деп билдирген Т.Сарпашев, Ольга Лавровага 10 күндүк мөөнөттө Иш-аракеттер планындагы көрсөтүлгөн милдеттерди өз убагында аткара албаган жоопкерчиликтүү жактарга карата кызматтан бошотууга дейре жазалоонун тартиптик чараларын кабыл алуу боюнча так сунуштарды киргизүүнү сунуштады. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы боюнча Т.Сарпашев маалымдагандай, алдыга коюлган 7 милдет жана 14 иш-чара боюнча, 9у аткарылып, аткарылуу алдында 4ү турат. Көрсөтүлгөн мөөнөттө 1 иш-чара жыйынтыкталган эмес. “МСК алдына жыл аягына дейре салык боюнча карызды 10% кем эмес түрдө кыскартууну камсыздоо боюнча так тапшырма коюлган. Кызмат башчысы салык чогултуу боюнча планды аткара албаган аймактык башкармалык жетекчилерине карата так кадрдык чечимдерди кабыл алган эмес. Болгону бир нече начальниктер иштен алынып, ал эми көпчүлүгүнө карата кадрдык ротациялар, же кызматтан төмөндөтүүлөр орун алган. Планды өз убагында аткара албаган начальниктерди кызматтан алууга чейин чараларды көрүүнү сунуштайм», — деди Биринчи вице-премьер-министр жана Премьер-министрге МСК статс-катчысы Карагулу уулу Жакыпка сөгүш берүүнү сунуштады. Мындан тышкары, Т.Сарпашев Өкмөт башчыга алдыга коюлган пландарды аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаиковага сөгүш берүүнү сунуштады. «Алдыга коюлган 16 милдеттин 1и гана толугу менен аткарылган, ал эми алтоо таптакыр аткарылган эмес, 8и ишке ашырылууда», — деди Биринчи вице-премьер-министр. Т.Сарпашевдин айтымында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекция директору ушул кезге дейре өз ведомствосунун нормативдик-укуктук актыларын Өкмөттүн кабыл алган токтомдоруна шайкеш келтире элек. «Мына 2 жылдан ашуун убакыттан бери жаңы инспекция иш алып барууда, ал эми документтер али тийиштүү абалга келтириле элек, анын натыйжасында мыйзамда көптөгөн карама-каршылыктар келип чыгууда. Андан тышкары, Өкмөттүн жылытуу мезгилине даярдык көрүү тууралуу токтому инспекция тарабынан ишке ашырыла элек. Буга байланыштуу Премьер-министрге инспекция директору Таалай Нурбашевге жана анын орун басары Абдибек Сатымбаевге сөгүш берүү сунушталууда», — деди Биринчи вице-премьер-министр. Т.Сарпашев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине тийиштүү маалымдагандай, мында Пландын 16 пунктунун бири гана ишке ашырылган. Буга байланыштуу Жоомарт Оторбаевге министр Таалай Айдаралиевге эскертүү жана министрликтин статс-катчысы Н.Дүйшеевге сөгүш берүү сунушталды. Ошондой эле Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин директору С.Атажановго Өкмөт Аппаратына сапатсыз киргизилген нормативдик-укуктук актылар жана пландардын өз мөөнөтүнөн кеч аткарылгандыгы үчүн эскертүү берүү сунушталды. Андан соң күч тутумундагы пландардын аткарылышы тууралуу баяндама менен вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев чыкты. “Белгилүү болгондой, күч орган жетекчилери тараптан 77 иш-чара каралып, анын 20сынын мөөнөтү эскирди, бул анын аткарылыш сапаты жана мөөнөтү тууралуу тийиштүү баа берүүгө мүмкүндүк берет. Ички иштер министринин Иш-планында эң көп иш-чаралар каралган. Ички иштер министри тарабынан белгиленген 17 иш-чаранын 12 синин мөөнөтү эскирген, ал эми бешөө өз мөөнөтүндө аткарылып жатат. Көрсөтүлгөн 12 иш-чаранын 4 пункту өз убагында жана сапаттуу аткарылып, ал эми 8 пункту мөөнөтүнөн бир аз артта калуу менен аткарылган», — деди А.Маматалиев. Вице-премьер-министр белгилегендей, ӨКМ тарабынан 10 иш-чара белгиленсе, анын 9 пункту ишке ашырылууда жана 1и толук аткарылган. Коргоо министри тарабынан 11 иш-чара каралса, анын 4ү - өз убагында, толук көлөмдө аткарылган, 6сы - аткарылууда, 1и жарым-жартылай аткарылган. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети боюнча бардык каралган 5 иш-чара план боюнча ишке ашырылууда. Жазаларды аткаруу боюнча мамкызматтын 5 белгиленген иш-чарасынын 2си толук аткарылган, 2 - аткарылууда. Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматтын 3 иш-чарасынын экөө аткарылууда жана бир иш-чарасы мөөнөтүнөн артта калуу менен толук аткарыла элек. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызматтын 5 иш-чарасынын 3ү аткарылып, 2 си ишке ашырылууда. Мамлекеттик финчалгындоо кызматынын 10 иш-чарасынын 9у ишке ашырылууда, бири аткарылган. Мамлекеттик чеакара кызматы алдына 11 иш-чараны аткаруу милдетин койгон, анын 1и өз мөөнөтүндө жана толук аткарылса, 10 ишке ашырылууда. Күч ведомство жетекчилеринин пландарынын аткарылышын жыйынтыктоодо Абдырахман Маматалиев мөөнөтү эскирген иш-чаранын 20 пунктунун 11и толук эмес көлөмдө аткарылып, же таптакыр аткарылган эмес. “Бул иш-чаралар ички иштер министринин, Жазаларды аткаруу жана баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызмат жетекчилери тарабынан пландаштырылган. Аларга карата административдик жаза көрүү чарасы тууралуу сунушту алып кирем», — деди А.Маматалиев. Андан соң маморган жетекчилеринин план жана милдеттенмелеринин аткарылышы тууралуу баяндама менен вице-премьер-министр Валерий Диль чыгып сөз сүйлөдү. Анын айтымында, Экономика министрлиги тараптан 27 иш-чара каралган. «Анын 11и аткарылып, 13ү ишке ашырылууда. Бир иш-чараны алп таштоо сунушталса, бири аткарыла элек. Маморгандардагы электрондук башкарууну киргизүү боюнча стратегия аткарыла элек, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди келишимдик иш формасына өткөрүү милдетин тизмеден алып салуу сунушталууда», — деди В.Диль. Вице-премьер-министрдин айтымында, Транспорт жана коммуникация министрлигинин 12 иш-чарасынын 5и аткарылып, 4ү ишке ашырылууда. Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту 6 милдеттин экисин аткарып, калгандары ишке ашырылып жаткан кези. Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариева билдиргендей, ал көзөмөлдөгөн министрликтердин ичинен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде акыбал начар болууда. «Каралган 19 милдетин болгону экөө гана ишке ашырылган. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 8 милдеттин экисин аткарып, калгандары ишке ашырылууда. Социалдык өнүктүрүү министрлиги 3 иш-чараны аткарды, калган алтоо аткарылууда. Билим берүү жана илим министрлигинде эң көйгөйлүү маселе катары жаңы окуу жылына карата даярдык көрүү маселеси болду. Маселе Архитектура, курулушу жана турак-жай коммуналдык чарба мамагенттиги тараптан курулуш иштерин өз учурунда бүтүрбөгөндүгүнө байланыштуу келип чыкты. Буга байланыштуу аталган агенттик тараптан алдыга коюлган милдеттердин өз убагында аткарылышына көңүл бурууну өтүнөм. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинде абал татаал, анда каржылоонун толук ишке ашырылбагандыгына байланыштуу көйгөйлөр жаралууда”, — деди Э.Сариева. Премьер-министр белгилегендей, вице-премьер-министрлер тараптан административдик чара көрүү тууралуу киргизилген сунуштар келерки жуманын башында расмий түрдө даярдалып, кол коюлат.

[su_carousel source="media: 42210,42216,42217,42219" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]