28

Ноябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ЕЭК бажы кызматташуусу боюнча коллегия мүчөсү Владимир Гошин менен жолугушту

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташуусу боюнча коллегия мүчөсү Владимир Гошин менен жолугушту.

Жоомарт Оторбаев комиссия мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) кошулуусу боюнча чечимин тутумдуу колдоого алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Баарлашуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) кошулуусу жөнүндө келишимдерди ишке ашыруунун бир катар актуалдуу аспектилери боюнча пикир алмашты.

Тактап айтканда, сөз мамлекеттик чекара тилкеси аркылуу өтчү өткөрүү пункттарын Бирдиктүү экономикалык аймак өлкөлөрүндө талап кылынган нормаларга ылайык келтирүү зарылдыгы тууралуу жүрдү. Мында сөз көлөмдүү салмак өлчөгүчтөрдү, видеокөзөмөлдү орнотуу, маалыматтык камсыздоо, жүк агымын жана аны администрациялоонун эсепке алынышы тууралуу болду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү