09
Октябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ён Чон шаарынын мэри Ким Ёнг Сок менен жолугушту
Бүгүн, 9-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ён Чон шаарынын мэри Ким Ёнг Сок менен жолугушту. (Корея Республикасы).
Жоомарт Оторбаев Ким Ёнг Сокко корей тараптын Кыргыз Республикасында дары-дармек өсүмдүктөрүн өндүрүү жана кайра иштеп чыгуу жана күнөскана чарбаларын өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. Долбоордун максаты – айыл чарба жана мал чарбачылыгы жаатында атайы технологияларды алмашуу болуп эсептелет.
“Бул сыяктуу долбоорлор мамлекеттер ортосундагы ар-кыл тармактар боюнча өз-ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан ары карай Корея Республикасынын бизнес-коомчулугу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан экономика, маданият, туризм жаатындагы долбоорлорго көбүрөөк тартылат деп ишенем. Биз, өз кезегинде тийиштүү көмөк берүүгө даярбыз», — деп билдирди Өкмөт башчы.
Ён Чон шаарынын мэри Ким Ёнг Сок корей тараптын Кыргызстан менен соода-экономикалык, өзгөчө, агрардык тармактагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи.
“Биз долбоордун биринчи фазасына 5 млн долларга жакын инвестиция салдык жана биздин кыргыз ишкерлери менен кызматташуубуз чыныгы инвестициялык программаларга айланышын каалайбыз. Аталган долбоорго байланыштуу айта турган болсок, анын натыйжасы катары “жаңыланган айылдын” түзүлүшү эсептелет, анда айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүүдө заманбап ыкмалар жана технологиялар пайдаланылат», - деди мэр Ён Чон.
Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан калкы долбоордун жыйынтыгын баалап, анын оңдуу тажрыйбасын пайдаланып, келечекте биргелешкен кыргыз-корей инвестициялык программаларынын ишке киргизилүүсү үчүн негиз түзүлүшү кажет.
Эскертсек, кечээ 8-октябрда, КР Айыл чарба министрлиги жана Корея республикасынын Ён Чон шаары ортосунда Ысык-Көл облусунда айыл чарба жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу жана өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Меморандум алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районунда дары-дармек чөптөрдү өстүрүү жана аны кайра иштетүү максатында 20 млн ашуун доллар каражат тартылат.
[su_carousel source="media: 43471,43470" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү