02

Декабрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев РФ Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов менен жолугушту

Россия Федерациясынын Москва шаарында иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев РФ Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусуна тийиштүү бир катар актуалдуу маселелерди талкуулады.

“Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу боюнча Жол картасынын алкагындагы чаралар толук көлөмдө жана графикке ылайык аткарылууда», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Андан соң тараптар “Жол картасынын” ишке ашырылышынын жүрүшүн, ошондой эле республиканын Евразиялык экономикалык бирликке кирүүсү үчүн укуктук базанын уюштурулуш процессин тыкыр талкуулады.

Буга байланыштуу Жоомарт Оторбаев белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасынын мыйзам базасын Бажы биримдиги жана Евразиялык экономикалык бирликке мүчө өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүү үчүн зарыл болгон нормативдик-укуктук актылар өлкөнүн парламентинде жыйынтыктоочу ички мамлекеттик макулдашуу процедураларынан өткөрүлүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2014-жылдын 3-декадасынан тарта Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондун ишке киргизүү тууралуу макулдашууга жетишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Фондду каржылоону ишке ашыруу механизмдерин талкуулап, ошондой эле аны каржылоо жөнүндө келишимге кол коюшту.

[su_carousel source="media: 46882,46883,46884,46885,46886" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү