13

Ноябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Россия президентинин евразиялык интеграция маселеси боюнча кеңешчиси Сергей Глазьев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россия президентинин евразиялык интеграция маселеси боюнча кеңешчиси Сергей Глазьев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине (ББ) жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) кошулуу процессине тийиштүү маселелерди талкуулады.

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда кыргыз тарап өлкөнүн интеграциялык биримдикке кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча активдүү иш жүргүзүүдө.

“Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү – Кыргызстан Өкмөтүнүн ишиндеги келечектүү милдеттердин бири. Жакынкы арада нормативдик-укуктук актыларды ББ жана БЭА мыйзамдарына ылайык келтирүү процесси аяктаганы турат, андан соң документтер пакети ратификациялоо үчүн парламентке жөнөтүлөт. Ошондой эле республиканын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндө келишим долбоору иштелип чыккан. Макулдашуу процедураларынан өткөн соң, долбоор кеңири коомдук талкуу үчүн Өкмөттүн веб-сайтына жайгаштырылат», — деп маалымдады Премьер-министр.

Өз кезегинде Сергей Глазьев Кыргыз Республикасынын ББ жана БЭА интеграциялык бирикмелерине кошулуусу боюнча оңдуу динамикасын белгиледи.

«Кыргызстандын Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууга бардык мүмкүндүгү бар. Россия Федерациясы тараптан бардык тийиштүү көмөк көрсөтүлөт»,- деп билдирди РФ президентинин кеңешчиси Сергей Глазьев.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан экономикасынын Бажы биримдигинин укуктук нормаларына адаптациялоо үчүн Россия жана Казакстан бөлгөн каражатты өздөштүрүү үчүн биргелешкен аянтчаны түзүү, республиканын ББ кирүү алкагындагы техникалык жөнгө салууну жана бажы башкаруусун, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады.

[su_carousel source="media: 45490,45491,45492,45493" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү