17

Сентябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Азия Өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Веньцай менен жолугушту

Бүгүн, 16-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Азия Өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Чжан Веньцай менен жолугушту.

Жолугушууну ачууда, Жоомарт Оторбаев АӨБ биринчи вице-президентинин Кыргыз Республикасына болгон сапарынын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай сапарлар салтка айланаарына ишеним билдирди. Өкмөт башчы 2014-жылдын май айындагы Астанада өткөн ар-жылкы АӨБ Башкаруучулар кеңешинин жыйынындагы жемиштүү жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди. Жоомарт Оторбаев КР жана АӨБ аралык 1994-жылдан берки кызматташуу мезгилинен тарта оңдуу тажрыйбанын орун алып жаткандыгын белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, КР жана АӨБ өнүгүү боюнча маанилүү шериктердин бири катары саналат, кызматташуу алкагында транспорт, энергетика, билим берүү, финансы сектору жана башка тармакта биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.

«Кыргызстан 2013-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда жана АӨБдүн Шериктештик стратегия алкагында энергетика, тактап айтканда, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатындагы, мыйзамдарды жакшыртуу менен инвестициялык абалды оңдоо, аймактык өнүктүрүү, анын ичинде транспорттук инфраструктура жана логистиканы өнүктүрүү, суу менен камсыздоо жана санитария жаатындагы көмөк көрсөтүү ниетин колдоого алат. Ал эми билим берүү жана кадрлардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу багытында өз алдынча иш пландаштырылууда», – деди Премьер-министр.

«Учурда Өкмөттүн келечек милдеттеринин бири катары энергетикалык коопсуздукту камсыздоо болуп саналат. Бизге энергетикалык секторду реформалоо зарыл, алсак, өндүрүш обьектилерин жана электр энергиясын өткөрүүнү тез арада реабилитациялоо керек. Биз билгендей, АӨБдүн Грузия жана Азербайжанда энергетикалык тармакты башкаруу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы бар. Биз дагы сиздердин көңүлдү мамлекеттик мүлктү башкарууну реформалоого жана жеңилдетилген коюм боюнча жеке секторду каржылоого бургубуз келет», - деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Өз кезегинде Чжан Веньцай белгилегендей, ал өзү айылда өскөн жана ал үчүн суу менен камсыздоо, санитария жана аймактык өнүктүрүү маселеси абдан маанилүү. Анын айтымында, АӨБ ишеним билдиргендей, анын көмөгү аркылуу келечек программалар натыйжалуу ишке ашырылып, өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугу жогорулап, атаандашуу жана экономиканын диверсификациясы жогорулайт.

«Биз кызматташуубузду баалайбыз жана өлкөнү өнүктүрүүнүн келечектүү стратегиялык багыттарын колдоого алуу үчүн бардык мүмкүндүктөрдү жумшайбыз», – деп жыйынтыктады Чжан Веньцай.

[su_carousel source="media: 41827,41828,41829,41830" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү