25

Март

2015

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Сингапурдун биринчи Премьер-министри Ли Куан Юнун дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Сингапур Республикасынын Премьер-министри Ли Сяньлунга биринчи Премьер-министр Ли Куан Юнун дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтты. Төмөндө телеграмманын тексти келтирилет: “Заманбап Сингапурдун негиздөөчүсү, өлкөнүн алгачкы Премьер-министри Ли Куан Юнун дүйнө салгандыгына байланыштуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдык. Анын лидердик сапатына ылайык, 30 жыл аралыгында Сингапур өнүгүп келе жаткан өлкөдөн дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, Түштүк-Чыгыш Азиянын гүлдөгөн финансылык борборуна айланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атынан Сизге жана Сингапур элине терең кайгыруу менен көңүл айтам”. От имени Правительства Кыргызской Республики и от себя лично выражаю Вам и народу Сингапура глубокие соболезнования и слова искреннего сочувствия».