20

Сентябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Тигил же бул мамлекеттик органдын иши тууралуу тыянактар мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугунун деңгээли боюнча чыгат”

Бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында КР Өкмөтүнүн отуруму болуп өттү. Анда “2014-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” маселе каралып, талкууланды. Бул маселе боюнча КР экономика министри Темир Сариев баяндама жасап, өкмөт мүчөлөрүнө 2014-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн баалоонун усулдары менен тааныштырды. Министр эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча саламаттык сактоо министрлиги, экономика министрлиги жана энергетика жана өнөр жай министрлиги жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендиги, ал эми айыл чарба жана мелиорация министрлигининин жана маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көрсөткүчтөрү эң начар болгондугун маалымдады. Мамлекеттик агенттиктер менен инспекторлуктардын арасында эң жакшы көрсөткүчтөргө Мамлекеттик байланыш агенттиги жетишкен, ал эми санитардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик агенттиктин көрсөткүчтөрү эң төмөн болгон. «Мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугун өлчөө усулу ведомствонун ишинин жыйынтыктары ошол ведомствонун ар бир кызматкеринин ишине байланыштуу болгудай түзүлгөн. Өлчөө таблицасында 100дөн ашуун көрсөткүчтөр бар. Ага атаандаштыкка туруштук бере билүү, калктын ишеним индекси, эл аралык уюмдар менен иштешүү жана башка көрсөткүчтөр кирген. Ошентип, ушул көрсөткүчтөр аркылуу эң жакшы жана эң начар административдик ведомстволор аныкталды», — деп белгиледи Темир Сариев. Өз кезегинде, Премьер-министр Жоомарт Оторбаев эң начар көрсөткүчтөрдү камсыз кылган 3 мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата жумуштан бошотулганга чейинки тартип жазасы берилерин баса белгиледи. Ошондой эле, министрликтер жана ведомстволор тарабынан КР Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилген документтердин сапаты өтө эле начар болуп жаткандыгы да белгиленди. Андан ары Өкмөт башчысы маанилүү ченемдик-укук актыларынын долбоорлорун макулдашуунун мөөнөтүн кыскартуу үчүн өкмөттүн ыкчам отурумдарын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын кабарлады. «Нормативдик-укуктук актылардын шашылыш долбоорлорун чыгаруу КР Аппаратына киргизилген учурдан тарта жети иш күндөн ашык эмес убакытты ээлейт. Бул өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алуунун ылдамдыгын тездетет, ошондой эле абалга карата ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк берет», - деди Премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Аталган маселени кароо жыйынтыгы боюнча 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча мамлекеттик органдардын жетишсиз иштегендиги белгиленди. Ошондой эле 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча начар иштеген мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата тартип чараларын көрүү чечими кабыл алынды. [su_carousel source="media: 42215,42214,42208" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel] КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү