01

Октябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Санариптик берүүгө өтүү алкагындагы телекомпаниялар үчүн жабдууларды сатып алуу приоритеттик тартипте жүргүзүлүшү керек»

Бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын санариптик эфирдик телерадиоберүүгө өтүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйын жүрүшүндө телеберүүгө өтүү жана аналогдук телерадиоберүү үчүн жыштык ыйгаруу, телерадиокомпанияларды модернизациялоо жана тийиштүү техникалык жабдуу алуу, санариптик белги алуу-өткөрүү үчүн линияларды куруунун жүрүшү, ошондой эле санариптик белги алуу үчүн тийиштүү ресиверлерди алуу маселелери каралды.

Жоомарт Оторбаев билдиргендей, Санариптик телерадиоберүүгө өтүү жана Санариптик телерадиоберүүнү киргизүү боюнча кадамдык аракеттер планын ишке ашырууга тийиштиги бар министрлик жана ведомстволордун өз-ара аракеттешүүсүн жакшыртуу зарыл.

«2014-жылы Санариптик берүүгө өтүү боюнча программаны ишке ашыруу алкагында 100 млн сом бөлүнгөн, ал каражат жабдууларды модернизациялоого багытталат. Быйылкы жылы биз кошумча финансылык ресурстарды издөө боюнча иштерди жүргүзөбүз. Баса белгилеп кетчү нерсе, санариптик берүүгө өтүү алкагындагы жабдууларды сатып алуулар приоритеттик тартипте жүргүзүлүшү керек”, - деди Өкмөт башчы.

[su_carousel source="media: 43007,43008,43009,43010,43011" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү