22
Сентябрь
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Ички иштер органдарын реформалоодогу жарандык коомчулуктун катышуусу ийгиликтин маанилүү фактору болуп саналат”
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Реформалар жана натыйжалар үчүн” жарандык бирлигинин мүчөлөрү менен иштиктүү жолугушууну вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаевдин жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун катышуусунда өткөрдү.
Жолугушуунун негизги максаты – ички иштер органдарын реформалоодогу келечектүү багыттарды, анын ичинде укук коргоо тутумунун кызматкерлерине карата калктын ишенимин жогорулатуу боюнча биринчи кезектеги чараларды тыкыр талкуулоо болуп эсептелди.
Тактап айтканда, жолугушуунун катышуучулары жарандык коомдун ички иштер органдары менен өз-ара аракеттешүүсүн жакшыртуу, алардын ишмердүүлүгүн комплекстүү баалоонун жаңы критерийлерин киргизүү зарылдыгы, алардын даярдык деңгээлин жана кызмат боюнча жогорулоонун натыйжалуу тутумун киргизүү маселелерине кеңири токтолду.
“Жарандык коомдун укук коргоо тутумундагы жүргүзүлүп жаткан реформалары тууралуу пикири биз үчүн маанилүү болуп саналат, активдүү жарандардын колдоосусуз биз каалаган натыйжаларга жетише албайбыз. Мен бийлик органдарына карата калктын ишенимин жогорулатууну Өкмөт ишин баалоодогу негизги критерий катары белгиледим. Буга байланыштуу биз сиздер менен өз-ара аракеттешүүгө, сиздердин демилгеле, сунуштарды жылдырууга, аларды реформанын күн тартибине интеграциялоого кызыкдарбыз», — деди Премьер-министр, жарандык активисттерге кайрылып.
Андан соң Өкмөт башчы жарандык коом жана Өкмөт аралык укук коргоо тутумун реформалоо боюнча баарлашууну институализациялоо зарылдыгын белгиледи.
“Ички иштер органдарын реформалоо Өкмөттүн башкы багыттарынын бири, анткени ал тутумдун иштешинен биздин жарандардын коопсуздугу жана тынчтыгы көзкаранды. Биз мамлекеттүүлүктү күчтүү укук коргоо тутумунун жардамы аркылуу гана чыңдай алабыз. Буга байланыштуу биз жарандык коом менен тутумдуу иш алып баруубуз керек, алардын сунуштары угулуп гана тим болбостон, ишке киргизилиши да керек”, — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
Учурда Өкмөт алдында Укук тартиби тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча кеңеш иш алып барууда, анын курамына жарандык коом мүчөлөрү да кирген.
“Биз Кеңеш ишине активдүү катышуудабыз, байкап жаткандай, ички иштер органдарын реформалоо боюнча иш башталды. Эң негизгиси, саясый эрк бар. Муз ордунан жылды», — деди Кеңеш мүчөсү Тимур Шайхутдинов жана Кеңеш ролун күчтөндүрүү керектигин, анын ичинде, анын макамын жогорулатып, чечимдердин натыйжалуу кабыл алынышы үчүн өз алдынча регламент иштеп чыгып, анын макамын жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады.
“Өкмөт ички иштер органын реформалоо, анын жарандык коом менен бирдикте алга жылдырууга даяр. Бүгүнкү күнгө карата биз 4 багыт боюнча: милиция кызматкерлерин сынак негизинде ишке алуу, коопсуздукту биргелешкен түрдө камсыздоо концепциясын киргизүү, тышкы баалоо жана ички иштер орган ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын ачыктыгын камсыздоо аркылуу реформаны жылдыруу маанилүү деп эсептейбиз », — деп белгиледи Кеңеш мүчөсү Урмат Казакбаев.
“Реформалар жана натыйжалар үчүн” жарандык бирлигинин башка мүчөсү белгилегендей, укук коргоо органдарын реформалоо боюнча көптөгөн саясый чаралар КР Премьер-министри тарабынан бекитилген 2014-жылга карата белгиленген Ички иштер министрлигинин Иш-аракеттер планында белгиленген.
“Биз “министрдин коом менен түзгөн келишимин” байкоого алып, көзөмөлдөп турабыз, ал ички иштер орган тутумундагы маанилүү реформалардын жүргүзүлүшүн белгилейт. Жакында биз Кеңешке биздин мониторингдин жыйынтыгын сунуштадык жана биздин сунуштар эске алынат деп ишенебиз», — деди Кеңеш мүчөсү Атыр Абрахматова.
Өз кезегинде вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев белгилегендей, ИИМ Иш-аракеттер планында көптөгөн реформалар камтылган , бирок, тилекке каршы, алардын көпчүлүгү өз мөөнөтүндө аткарылган эмес. Андан соң ал жарандык коом мүчөлөрүн мындан ары карай дагы алардын ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүлөөрүнө ишендирип кетти.
Ички иштер министри Мелис Турганбаев кызматташууга даярдыгын билдирип, биргелешкен мүнөздө ИИМ аброюн жакшыртууга жана ички иштер органдарына карата ишенимди арттырууга жетишүүгө болоорун белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Премьер-министр укук коргоо орган жетекчилерине “Реформалар жана натыйжалар үчүн” жарандык бирлик мүчөлөрү тарабынан берилген сунуштар боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
[su_carousel source="media: 42201,42202,42203,42204,42205,42206" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү