30
Июнь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Өкмөт мүчөлөрү ант беришет
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында ант беришет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү ант берүү аземине катыша албайт.
Алардын катарында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бар, анын коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЧР-анализи оңдуу жыйынтыкты көрсөткөн.
Ага карабастан, Эркин Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен контакттык байланышта болгон жактар катары обочолонуп иш алып барууда.