04
Апрель
2015
КР Премьер-министри Ж.Оторбаев жана Армения ТИМ жетекчиси Э.Налбандян эки тараптуу кызматташуу маселесин талкуулады
Бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян менен жолугушту.
Жолугушууну ачууда Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан өз-ара ишенүү жана бири-биринин кызыкчылыгын сактоо негизиндеги келечектеги достук мамилелердин өнүгүшүнө чоң маани берет. «Кыргызстан жана Армения ортосунда кызматташууну өнүктүрүү боюнча чоң мүмкүндүктөр бар. Биз үчүн эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маанилүү», — деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы Армения Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке расмий кошулуусу менен куттуктап, Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусунан соң өз-ара пайдалуу кызматташууга жана евразиялык интеграциянын тереңдешине ишеним билдирди. «Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуусу алкагында 2015-жыл эки тараптуу кызматташуулардын өнүгүүсүндөгү маанилүү чек катары саналмакчы», — деп белгиледи Премьер-министр.
Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян өз кезегинде армян тараптын Кыргызстан менен кызматташуусунун тереңдешине кызыкдар экендигин билдирди. «Биз Кыргызстан менен тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүндүктөрдү издөөгө кызыкдарбыз», — деп ишендирип кетти Эдвард Налбандян.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташууну, интеграциялык процесстер алкагындагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү