04

Апрель

2015

КР Премьер-министри Ж.Оторбаев жана Түркмөнстандын министрлер кабинет төрагасынын орун басары Р.Мередов эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

Бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Түркмөнстандын тышкы иштер министри, министрлер кабинет төрагасынын орун басары Рашид Мередов менен жолугушту. Жолугушууну ачууда Премьер-министр Р. Мередовдун Кыргыз Республикасына жасаган сапары келечектеги мамлекет аралык саясый мамилелердин чыңдалышына, соода-экономикалык байланыштардын кеңейишине жана Кыргызстан жана Түркмөнстандын маданий-гуманитардык байланыштарын тереңдетүүгө көмөк көрсөтөөрүнө ишеним билдирди. “Биздин эл жалпы маданият жана тарыхка ээ, ал бизди кылымдар бою достук, тууганчылык жана коңшулук байланыштар аркылуу бириктирип турат», — деди Өкмөт башчы жана Кыргызстан Түркмөнстан менен кызматташууга чоң маани берээрин кошумчалады. Ж.Оторбаев ошондой эле белгилегендей, кыргыз-түркмөн мамилелери мамлекет аралык кызматташуунун жана соода-экономикалык кооперациянын жаңы баскычына көтөрүлгөн. «Буга биздин өлкөлөр ар-кыл деңгээлдеги өз-ара байланыштардын санын жогорулаткандыгы көмөкчү болду. Мындан тышкары, быйылкы жылы Ашхабад шаарында кыргыз-түркмөн өкмөт аралык комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү”, — деп кошумчалады ал. Өкмөт башчы ошондой эле Бишкекте Түркмөнстан ТИМ жетекчиси Р.Мередовдун катышуусунда өткөн КМШ ТИМ жетекчилер кеңешинин кезектеги жыйыны жемиштүү болгондугун белгиледи. Өз кезегинде Түркмөнстан ТИМ жетекчиси эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. «Кыргызстан жана Түркмөнстанда соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү үчүн чоң мүмкүндүктөр бар” — деди Рашид Мередов. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле соода-экономикалык тармактагы кызматташуу, биргелешкен отун-энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулады. Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан жана Түркмөнстан аралык кызматташуунун тереңдешине кызыкдарлыгын билдиришти.

[su_carousel source="media: 52908,52909,52910,52911" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү