29

Март

2015

КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев: «Биз транспорттук коридорлорду куруу аркылуу Кыргызстанды транзиттик өлкөгө айландыруудабыз»

Бүгүн, 28-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ош облусу боюнча иш сапарынын алкагында «Карамык» жана «Эркечтам» көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарынын иши менен таанышып, чекара тозотторун барып көрдү. «Карамык» көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарын барып көрүүдө КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусов Премьер-министрге маалымдагандай, өткөрүү пункту чекара, бажы, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү ишке ашырат. Анын айтымында, «Карамык» өткөрүү пункту чектеш мамлекет менен чекаралык байланыштарды жүргүзүү үчүн маанилүү орунду ээлеп, Кытай Элдик Республикасынан Кыргыз Республикасы аркылуу транзиттик жол менен Тажикстан Республикасына чыгууну камсыздайт; баңгизат жана курал-жарак каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүүсүнүн алдын алууну шарттайт. Ошондой эле Адамкул Жунусов «Бордөбө» көзөмөлдөө пунктунун иши тууралу айтып берди. Анын айтымында, пункттун макамы көп кырдуу. Көзөмөлдөө пункту күнү-түнү чекара, ветеринардык жана бажы көзөмөлүн ишке ашырат. Өкмөт башчы өз кезегинде белгилегендей, көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун келечеги кенен. «Биз транспорттук коридорлорду куруу аркылуу Кыргызстанды транзиттик өлкөгө айландыруудабыз. “Карамык» пунктунун инфраструктурасын Евразиялык экономикалык бирликтин талаптарына ылайык келтирүүбүз тийиш», — деди Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр кошумчалагандай, көзөмөлдөө пунктунун инфраструктурасы Азия өнүктүрүү банкынын кредитинин алкагындагы “Чекара кызматтарын аймактык өркүндөтүү” долбоору боюнча, ошондой эле КР Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасында каралган иш-чараларга Россия тарабынан бөлүнчү каражаттын эсебинен ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирилет. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, АӨБ 2,8 млн АКШ долларын бөлөт. Андан соң « Карамык» чекара заставасына барууда Өкмөт башчы андагы айыл тургундары менен жолугушту. Жоомарт Оторбаев жана жергиликтүү тургундар КР ЕАЭБ кошулуунун оңдуу жактарын жана атамекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн рыноктун кеңейиши маселесин талкуулашты. “Эркечтам” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун иши менен таанышууда КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Премьер-министрге маалымдагандай, өткөрүү пункту эл аралык макамга ээ жана чекара, бажы, транспорттук, медициналык санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзөт. «Торугарт» көзөмөлдөө пунктунан соң «Эркечтам» КЭР менен соода кылуудагы автоунаа жүрүү жыштыгы боюнча экинчи орунда турат. Көзөмөлдөө-өткөрүү пункту КЭР- Борбордук Азия – Борбордук Чыгыш транспорттук коридорун өнүктүрүү үчүн маанилүү транзиттик мүмкүндүккө ээ, ошондой эле жер үстүндөгү маршрут аркылуу Индия океаны менен байланышты камсыздайт (Кыргызстан -Кытай -Пакистан); КР Түштүк аймагындагы жана Фергана өрөөнүндөгү туризмди өнүктүрүүдө маанилүү орунда турат. МБК башчысы “Эркечтам” өткөрүү пунктун ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди. Көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун иши менен таанышууда Премьер-министр эскерткендей, Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусунда, өлкөбүздүн чектери ЕАЭБ тышкы чектери болуп саналат. Ошондуктан өзгөчө көңүлдү өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртууга буруу керек. «Май айында республиканын ЕАЭБ кошулуусу күтүлүүдө. Өткөрүү пункттарын ЕАЭБ стандарттарына ылайык келтирүү боюнча ишти тыкыр өткөрүү зарыл”, - деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.

[su_carousel source="media: 52518,52517,52516,52515,52514,52513,52512,52511,52510,52509,52508,52507,52506,52505,52504,52503" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52503,52504,52505,52506,52507,52508,52509,52510,52511,52512,52513,52514,52515,52516,52517,52518" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү