14
Октябрь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж. Оторбаев Казакстан Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Б.Сагинтаев менен евразиялык интеграция алкагындагы кызматташуу маселесин талкуулад
Бүгүн, 14-октябрда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Казакстан Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда евразиялык интеграция шартындагы Кыргызстан жана Казакстандын экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү маселеси талкууланды.
“Учурда Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу маселеси боюнча макулдашууларга кол коюлган, буга байланыштуу бизге шериктер тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикасын бажы биримдиги шартында иштеп кетүүсүнө көмөктөшкөн колдоосу зарыл”,- деп белгиледи Жоомарт Оторбаев жолугушуу учурунда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тарап Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча республиканын Жол картасынын алкагындагы иш-чараларды ишке ашырууда Казакстан Республикасы тараптан көмөктөшүү болушуна кызыкдар экендигин билдирди.
Жоомарт Оторбаев маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан казак тараптын кароосу үчүн сунушталган Евразиялык экономикалык интеграция шартында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү тууралуу келишим долбоору даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы соода-экономикалык тармактагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү келечегине өзгөчө басым жасады жана Кыргызстан экономикасынын ар-кыл секторуна казак инвестициясынын жогорулатылышынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кичи жана орто бизнесинин өзгөчөлүгүнө инвестициялоо принциптерин ылайыкташтыруу мүмкүндүгү менен «Кыргыз-казак түз инвестициялар фонду” АК ишмердүүлүгүн активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү