10

Октябрь

2014

КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Улуттук Банкынын жетекчилигин экономиканы каржылоо көлөмүн кескин жогорулатууну жана жеке секторду колдоо үчүн салттуу эмес ыкмаларды колдонууга чакырд

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Улуттук Банк жетекчилиги менен болгон кеңешмеде Улуттук Банк тарабынан республика экономикасын каржылоо маселесин көтөрдү. 2011-жылга дейре Банктарды рефинансылоо фонду иштеп турган, ал аркылуу Улуттук Банк тарабынан коммерциялык банктарга болжол менен 2 млрд сом экономиканын бир катар тармактарындагы ишканаларды каржылоо үчүн берилген. Учурда Улуттук Банк банктарды кредиттик аукциондор аркылуу каржылайт, алардан түшкөн каражат ишкерлерге улуттук валютада жылына 17,92% жеңилдетилген коюм боюнча берилет, мында Өкмөт агрардык сектор үчүн коюмдарды жылына 9% дейре төмөндөткөн. Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондор аркылуу 2,8 млрд сомдук кредит берилип, анын 1,6 млрд сому агрардык секторго берилген. Жыйын жүрүшүндө Улуттук Банк жетекчилиги коммерциялык банктарга 4 млрд сомго жакын каражат берүү тууралуу ниетин билдирди.

Жоомарт Оторбаев акыркы жылдардагы банктардын кредиттик портфелинин көлөмү 40% дейре кескин жогорулагандыгын белгиледи, бул бизнестин активдүүлүгүнүн жогорулашынан кабар берет. «Бул өнүгүү темпин биз сактап калуубуз жана колдоого алуубуз керек» — деп билдирди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Улуттук Банктын насыялоо көлөмүнүн жетишсиздигин белгиледи. Ал билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу, өлкө атамекендик товарларды өндүрүүнүн кескин жогорулашы алдында турат. "Кыргыз экономикасы дагы финансылык демилге жаратууга муктаж» — деп белгиледи Премьер-Министр жана Улуттук Банктын жетекчилигин экономиканы насыялоо көлөмүн олуттуу жогорулатуу жана жеке секторду каржылоодо жаңы технологияны пайдалануу маселесин карап чыгууга чакырды. Аталган маселе КР Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык саясат жана инвестициялар боюнча координациялык кеңештин жакынкы жыйындарынын кароосуна киргизилет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү