17

Октябрь

2014

КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев: «Токтогулдун аты менен ар-бир кыргыз, өлкөбүздөн жалпы жарандары сыймыктанат»

Бүгүн, 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кыргыз элинин улуу акыны жана комузчусу Токтогул Сатылгановдун 150-жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Акындын кичи мекени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Токтогул Сатылгановдун эстелигин ачуу салтанаты болуп өттү.

“Мамлекет тарабынан акындын кайталангыс өнөрүнө, анын эл алдындагы аткарган кызматына жогору баа берилген. Токтогул Сатылгановдун наамы республикадагы эң кубаттуу ГЭСке, борбордогу Улуттук филармонияга, бир катар көчөлөргө, ошондой эле акын туулуп-өскөн Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү районго ыйгарылган. Көптөгөн билим берүү мекемелерине акындын аты берилип, мындан тышкары, адабият, музыка, кино, сүрөт өнөр жана театралдык искусство жаатындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Бүгүн биз сиздер менен бирге Токтогул районунда белгилүү акындын дагы бир эстелигин ачуудабыз. Улуу акын чындыгында да мындай сыйга толугу менен татыктуу. Токтогулдун аты менен ар-бир кыргыз, өлкөбүздөн жалпы жарандары сыймыктанат»,- деди Жоомарт Оторбаев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан улуу акындын юбилейин Кыргызстанда жана чет жактарда майрамдоо боюнча чоң программа иштелип чыккан. Кыргыздын улуу акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык юбилейине байланыштуу иш-чаралар 14 түрк тилдүү мамлекеттерде жана Россия Федерациясынын субьектилеринде өткөрүлүүдө.

Акындын 150 жылдык юбилейине карата «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы өзүнүн Boeing 737-500 аба кемесине Токтогул Сатылгановдун атын ыйгарды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү