29

Сентябрь

2012

28-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Д. Медведев Ж. Сатыбалдиевди Кыргызстандын Премьер-министри кызматына киришүүсү менен куттуктады. “Кыргызстандын экономикасын турукташтыруу боюнча планды ишке ашырууда, ийгиликтүү социалдык саясат жүргүзүүдө жетишкендиктерди каалайм. Сиз экөөбүздү жоопкерчиликтүү маселелер күтүп турат. Биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилелердин деңгээли абдан позитивдүү. Кээ бир маселелер биздин кызматташуунун потенциалын артка тартып келгендигин жашырбайм, бирок биз негизги маселерди аныткап алдык, алардын ичине жакынкы аралыкта кол коюлган орусия аскер авиабазасы, карыздар жөнүндө маселелер кирет. Орусия менен Кыргызстан кызматташууну жок жерден эмес, позитивдүү бийиктиктен улантууда, мындай жакшы башталгычтан биздин мамиле өсүп-өнүгө берет”- деди Д. Медведев. Ж. Сатыбалдиев жылуу куттуктоого жана эки өлкө ортосундагы тарыхый мамилелердин салттуу калыптанган өнүгүүлөрү боюнча конструктивдүү каалоого алкышын айтты. Ошондой эле Кыргызстандын жаңы жетекчилигинин аракеттери менен жетишилген өз ара пайдалуу макулдашуулардын маанилүүлүгүн жана керектигин баса белгилөө менен, Кыргызстандын Өкмөтү Кыргызстан менен Россиянын мамлекет башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун үстүндө максатуу түрдө иштээрин айтты. “Биздин мындан ары өнүгүүбүз үчүн эң жакшы база бар. Биздин Өкмөт бүгүнкү кабыл алынган динамиканы турмушка жемиштүү түрдө ишке ашыруу үчүн колунан келген ишти жасай турганын ишендирип кетем. Эмдиги жылы белгиленген иштерди жасап баштоого плацдарм куруу үчүн кол коюлган макулдашуулар өлкө ичиндеги процедурадан тез өтүшү абзел. Сиз билгендей энергетика жана бөлөк тармактар боюнча чоң иштер күтүп жатат. Бизди кылымдар бою калыптанган мамилелер байланыштырып турат. Ортобуздагы салкын мезгил өтүп кетти деген үмүттөмүн”, - деди Ж.Сатыбалдиев. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү