21

Июль

2020

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Бишкек жана Ош шаарларында ушул жумада жаңы ооруканалардын курулуш иштери башталат

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукананы куруу иштерин тез арада баштоо керек. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. 

Премьер-министр белгилегендей, эки шаарда курула турган ооруканалардын орду жана  долбоору даярдалууда. 

«Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул жуманын ичинде баштоо керек.  Бул иштерге Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуусу зарыл», - деди Кубатбек Боронов. 

Республикалык штабдын отурумунда өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары дагы айтылды. 

«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте  колдонулбай турган имараттарды тез арада оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө тийиш. Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташ керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болсун», - деди Өкмөт башчы. 

Жыйындын жүрүшүндө Республикалык ыкчам штаб тарабынан берилген аймактарда  кошумча орундарды даярдоо боюнча тапшырманын аткарылышы талкууланып, Премьер-министр Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилеринин бул багыттагы ишине сын айтты. 

Ошондой эле отурумда тармактык мамлекеттик органдарга эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан иш аракеттерди күчөтүү тапшырмасы берилди.