01
Октябрь
Премьер-министр Кубатбек Боронов: Окуу процессин реалдуу режимде жандандыруу үчүн санитардык нормаларды сактоо боюнча алгоритм иштелип чыкты
Мектептерде 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандыруу үчүн санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты, аларды окуучулар, ата-энерлер, мугалимдер жана мектепте иштегендер так сактоого милдеттүү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жума сайын өтүүчү брифингде билдирди.
Өкмөт башчы Республикалык ыкчам штабдын чечимин ылайык, 6-октябрдан тартып 1-6-класстын окуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштай турганын эске салды.
Анын айтымында, биринчи класстын окуучулары буга чейин белгиленген алгоритмдин негизинде окуп жаткан. Ошондуктан штабдын бул чечими 2-6-класстардын окуучуларына тиешелүү.
«7-11-класстын окуучулары азырынча онлайн режиминде билим алып турат. Ал эми 2-6-класстардын окуучулары мектеп имаратында окуусу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тиешелүү алгоритм иштелип чыкты. Ага ылайык, окуу процесси мектептеги окуучулардын санына жараша уюштурулат, балдар класстарда керектүү социалдык аралыкты сактоо менен отурушат. Эгерде окуучулардын саны 200 чейин болсо бекитилген жүгүртмө (расписание) боюнча процесс кадимки режимде жүрөт. Балдардын саны 200 – 500гө чейин болсо, сабактар ийкемдүү график боюнча окутулат. Ал эми окуучулардын саны 500дөн жогору болсо окуу процесси эки сааттан кем эмес интервалда кезмет (смен) менен уюштурулат», – деди Өкмөт башчы.
Премьер-министр мектептерде ар кандай маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка адамдар имаратка кирүүгө тыюу салынганын кошумчалады.
«Санитардык-гигиеналык нормаларды сактоого чоң көңүл бурулат. Класстар балдар келгенге чейин дезинфекцияланып, сбактардын ортосундагы тыныгуу учурунда желдетилип турат. Окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун медицина кызматкерлери көзөмөлгө алат. Мугалимдердин дене табы күнүгө текшерилип, бет кап тагынуу режими сакталмакчы», – деп белгиледи Премьер-министр.
Өкмөт башчы мектептерде ар кандай инфекциялык оорулардын, алардын катарында коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча маалыматтык-окутуу материалдарын мектеп имараттарына илүү тапшырмасын берди.