11

Август

2020

Премьер-министр Кубатбек Боронов ооруканалардын курулушунун жүрүшү тууралуу айтып берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов ар жума сайын өтүүчү брифингдин жүрүшүндө ооруканалардын курулушу  тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы 100 орундуу инфекциялык оорукананын курулушу алкагында үч блоктун фундаменти тургузулган, төртүнчү блоктун фундаменти 80%га тургузулду. Металл конструкцияларын ширетилип даярдалып жатат.

Ош шаарындагы 100 орундуу инфекциялык оорукананын фундаменти куюлууда, ал эми обьекттин өзүндө 81 адам иш алып барууда.

70 орунга эсептелген Нарын шаарындагы оорукананын фундаменти салына баштады.

Тогуз объектиде оңдоо иштери жүрүүдө, анын ичинде: Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун эсебинен Орловка ооруканасы (45 орундуу) жана Чолпон-Ата ооруканасы (100 орундуу) оңдолууда, ал эми Кара-Суу районунда (64-лицей), Токмок (250 орун), Баткен (90), Көк-Жаңгак (60), Жалал-Абад (100), Каракол (150), Талас шаарларындагы (192) ооруканалар капиталдык салымдар беренеси боюнча каралган каражаттын эсебинен оңдоо иштери жүрүүдө.

«Семетей» клиникасын кайрадан профилдештирүү иши 2020-жылдын 1-ноябрында жыйынтыкталат. Мекемеде 302 орун даярдалган, анын ичинде 50 орун – реанимациялык блокто, ал эми жалпысынан 6 блокто 353 палата каралган.